super.kg logo

Бишкекте беш жылдан бери көчөдө китеп саткан карыя жети небересин багат

 

Кезегинде өлкөнүн өнүгүшүнө жан үрөп иштеп, салым кошкон адам минтип ал-күчтөн тайып, мамлекеттин колун кароого аргасыз болгон. Күнү-түнү эл кызматын аркалап, чарба ишин өнүктүрүүдө зор салым кошуп, алаканы сыйрылып, таманы чор болгонун айтып, 40 жыл мурдагы жаштыгын эскерген Абдылда Бегалиев учурда пенсия жашында.

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын тургуну Абдылда Бегалиев 68 жашта. Ал Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде жол жээгинде китеп сатып кошумча каражат табат. Китеп сатып, жаштарды китеп окууга үндөгөн жумушу менен беш жылдан бери алектенет.

"Мен китеп сатуу менен гана чектелбеймин. Кечке чейин кардар кайсы китепти алат экен деп күтүп жатып зеригип кетем. Ал учурда жолдон жай өтүп бараткан жаштарды токтотуп алып китептер жөнүндө айтып кирем. Арасында кызыгып укканы бар. Укпай колун силкип кеткени бар. Акыркы учурда студенттер менин китептериме кызыга башташты. Көбүнчө китептерди студенттер, анан улуу муундагы адамдар сатып алышат. Орто муундун адамдары кылчайып карап коюшпайт", - дейт Бегалиев.

"Ушул эски китептерди ким алмак эле?" деген көз караш менен карап өткөндөрдү байкаганын айткан Абдылда Бегалиевдин миңге жакын китеби бар. Ал бул китептерди элден топтоп, айрымдарын арзан баада сатып алган. Күнүнө 5-6 китеп сатат. Кээде 1 китеп саткан учурлар болгонун айтат. Андайда адамдардын китеп окубай калганына ызаланса, бир чети соодасы болбой калганына кейийт.

3500 сом пенсия алган Бегалиевдин 2 баласы, 7 небереси бар. Ал китептен түшкөн каражатка неберелерине шириндик көтөрүп барат. Учурда неберелерин китеп окууга үндөп жатканын айтты. Пенсияга кошумча каражат табуудан сырткары карылык менен арбашып үйдө отургандан көрө түрдүү адамдар менен сүйлөшүп иштеген жакшы деген ойду карманат.

Ал китептери китеп дүкөндөргө караганда 50-70 пайызга арзан сатыларын кошумчалады. Анда жаңы, көркөм чыгармалар жок, бирок мектеп окуучулары үчүн адабияттар, жомок китептер, тарых китептери бар. Мындан сырткары орусиялык жана англиялык акын-жазуучулардын китептерин табууга болот. Китептер көлөмүнө, окумдуулугуна жараша бааланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
04.10.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайсы кочодо ?? Сонун китептер бар экен го, эртен барып сатып алат окшойм...
04.10.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Совет(Ю Абдыракманов)менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде сатат.
04.10.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дейл Корнеги, Роберт Киосаки деген улуу психологтордун китептери да бар экен. Алып окугула туугандар. "Кыргыздар" "Война Мир" деген китептерди анча мынча библиотекаданда таппайсын
04.10.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Киосокинин Богатый папа,Бедный папа.деген китебин окууну сунуштайм.аябай мыкты китеп.жашоонорду озгортот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: