КҮНСЕРЕП: Атамбаев той өткөрүп даңк алды, карызды төлөө - кийинкилердин баш оорусу
Бүгүн, 4-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайсы акчага өткөрүлөт? Кайсы булактардан каржыланат? Жарандык коом тарабынан мамлекет жетекчилигине бул суроолор активдүү берилип келген. Мамлекет башчы, президенттик аппараттын тышкы иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы оюндар демөөрчүлөр тарабынан каржылана тургандыгын айтып келишкен. Атүгүл өлкөдөгү ири компанияларды бул оюндарга демөөрчү болууга мажбурлап жатышат деген маалыматтар тарап, массалык маалымат каражаттарында кеңири талкуу жүргөн. Андыктан Каржы министрлигинин "Прецедент" юридикалык компаниясына берген жообу бүгүн жарандык активисттердин жапырт нааразычылыгын жаратты. Министрлик II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланганын, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду кайра курууга эле 1 миллиард 584 миллион сом коротулганын билдирди. Мындан тышкары иш-чараны уюштурууга 249 миллион сом сарпталган. Министрликтин маалыматы боюнча 1 миллиард 833 миллион сомдун баары бюджеттен бөлүнгөн. Эл аралык валюта фонду Кыргыз мамлекетинин карызынын суммасы соңку 2 жылда кескин өсүп, 4 миллиард 72 миллион долларга жетип, улуттук дүң өндүрүштүн 70 пайызына барабар болуп калганын, мамлекеттик карыз боюнча өлкө кооптуу чекке жетип калганын эскертүүдө. Өкмөт өткөн аптадагы жыйынында каржылай албайбыз деп бекитилген бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартты. Мына ушундай тартыштыкта жашап жатып бир жумага созулуп, миллиарддаган сомду чачкан оюн-зоокту өткөрүү зарылчылыгы бар беле? Бул акча демөөрчүлөрдөн эмес, бюджеттин эсебинен бөлүнүптүр, элдин эсебинен мындай оюн-зооктордун өткөрүлүшүнө коомчулуктун макулдугун сураштыбы? Сураган эч ким болгон жок. Тескерисинче, ар бир 2 жыл сайын бул оюндар Кыргыз мамлекетинде өткөрүлүп турары жарыяланды. Президенттик аппарат бул жарыяны кубанычтуу кабар катары көрсөтүүгө аракет кылып, атүгүл Сапар Исаков КТРКда түз эфир аркылуу “мындай чечим менен бүткүл кыргызстандыктарды куттуктайм” деген. Оюндарды жалаң Кыргыз мамлекетинде өткөрүү кубана турган эмес, аргасыз чечим болгондой. Башка өлкөлөр мындай ысырапкорчулукка жол бергиси келбеген соң “өзүбүз өткөрөбүз” деген чечим келип чыккан өңдөнөт. Бир жагдай көзгө дароо урунат: учурдагы тышкы карыздарды төлөө кийинки бийликтердин баш оорусу болот. Ал эми учурдагы бийликке "укмуш шоу өткөрдү" деген даңаза калат. Элдин жашоосунда, экономикада көзгө байкаларлык жылыштар болбой жатканда мындай даңаза бийликке аба менен суудай зарыл...
Бийлик олуттуу эскертүү, кайрылууларга карабай Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин улантууда. Ал эми бүгүн Бишкек шаарынын райондор аралык соту укук коргоочу Рита Карасартованын доо арызын кабыл алуудан баш тартты. Ал Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум дайындоо боюнча парламенттин тармактык комитетинин 27-сентябрдагы корутундусун жараксыз деп таануу жөнүндө арыз менен кайрылган болчу. Демилгечилерди “бийликти узурпациялап жатасыңар, Баш мыйзамды өзгөртүүгө силерде азыр укук жок” деп сындап келе жаткан депутат Чолпон Жакупова “эгер Конституция өзгөртүлсө, депутаттык мандатымды тапшырам” деп жар салды. Депутат сөзүндө турса, бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине каршылык билдирип кызматынан баш тарткан экинчи адам болуп калат. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов президенттин бул аракетине макул эместигин билдирип өз арызы менен кызматтан кеткен. Каржы министрлиги референдум өткөрүүгө 317 миллион сом керектелерин билдирди. Демек, бул сумманы табыш үчүн кайрадан сырттан карыз алынат же бюджетке киргизилген кайсы бир керектүү долбоор каржыланбай калат...
Быйылкы бюджетке кирип, бирок каражаттын тартыштыгынан бир топ долбоорлор кыскартылып жатса, өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Камсыздоо борбору мекемеси 648 миң сомго баалуу кол сааттарды сатып алабыз деп сынак жарыялады. Сааттар сөзсүз түрдө Швейцарияда жасалган, кварцтык механизмде, алтын жалатылып, сваровски таштары менен кооздолгон, боосу кайыштан болушу шарт. Алар бажы кызматкерлерине сый катары берилмекчи. Оюндарга, сааттарга, бассейнге, креслолорго Кыргыз мамлекетинде каражат табылат. Гемодиализ аппараттарына, онкологиялык оорулуулардын дары-дармектерине, карылар үйлөрүнө, балдарды коргоого келгенде каражат табылбайт...



