super.kg logo

Мэрия: Фучик көчөсүндө кулап калган темир тосмо бүгүн оңдолот

 

Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө кулап калган темир тосмо бүгүн оңдолот. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов билдирди.

"Биздин башкармалыкка кечээ, 4-октябрда темир тосмонун кулап калгандыгы боюнча билдирүү келип түштү. Биздин кызматкерлер чыгымды эсептеп чыгышты. Тосмону унаа сүзүп кеткендиги аныкталды. Бул боюнча милицияга күнөөлүүнү табуу боюнча кат аркылуу кайрылдык. Адистердин айтымында, жалпы чыгым 33 миң сомду түзгөн", - деп билдирди Ибраимов.

Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Фучик көчөсүнө орнотулган темир тосмо 2400 метрди түзөт. Ал эми тосмону орнотууга кеткен чыгым 15 миллион сомду чапчыйт.

"Буга чейин жол четиндеги жашоочулардан жолдогу унаалардын ызы-чуусунан сактоо максатында тосмо тосуу боюнча кайрылуу түшкөн. Ошондой эле сентябрь айында өткөрүлгөн саммитке байланыштуу шаардын көчөлөрүн кооздоо максатында тосмо орнотулган", - деп кошумчалады Ибраимов.

"Фучик көчөсүндө кулап калган темир тосмо бир жумадан бери оңдоло элек" деген билдирүүнү окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу 4-октябрда билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.10.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул тосмолор башка олко президенттерине карарайым элдин чыныгы жашоосун корсотпоо учун орнотулган, якобы у нас все прекрасно, народ сытый, богатый деген ойду сунуштап.. Ушул тосмолорду курууга сарпталган 15миллион сомго жаны бала бакчаны курушса пайдалуу иш кылышкан болоор эле...
05.10.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элдик кабар болбосо мэрия 1 жума эмес 1 жыл отсо да кабарсыз отура бермек экен да. Ушу кабарды жонотконго да рахмат...
05.10.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртең оңдолот деп олтуруп 1 ай өтүп кетпесе эле болду эми.
05.10.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айттым эле го.Элдик кабар аркылуу Кыргызстан онолот деп.мына оноло баштады.ушундай кабарларды коп коп жонотуп турушу керек.
05.10.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машина сузуп кулап калганга окшобойтго!? Калп эле актанышып
05.10.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким сузсо ошого чыгымдарды толотсо сонун болмок,аландап каякты карап айдады машинаны,мамлекетке зыян келтирип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: