Ысык-Ата районунда уурулук фактысына шектелип 21 жаштагы жаран кармалды

Ысык-Ата районунда уурулук фактысына шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 44 жаштагы Кант шаарынын К.О. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 3-октябрь күнү саат 12:00 чамасында шаардагы сауналардын биринен белгисиз жарандар анын уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы С.Т. аттуу Красная Речка айылынын тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.