super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-ОКТЯБРЬ: "Титаник" тасмасындагы Роуздун ролу аркылуу таанылган актриса Кейт Уинслет 41 жашка толду

 

Бүгүн, 5-октябрда "Титаник" тасмасындагы Роуздун ролу аркылуу таанылган актриса Кейт Уинслет 41 жашка толду. Ал Англиянын Рединг шаарында туулган. Толук аны-жөнү - Кетрин Элизабет Уинслет. Ал эми жашоодогу лакап аты - англиялык роза. Бала чагынан бери актриса болууга кызыккан Голливуддун супер жылдызы Лондондогу актёрдук мектептен билим алган. Актёрдук карьерасын 1991-жылы англиялык телеканалдан баштап, алгачкы ролун 1994-жылы "Асманда жаралгандар" тасмасында жараткан. Ал эми актрисага "Титаник" тасмасындагы Роуздун ролу атак алып келген.

1996-жыл. Аталган "Титаник" тасмасындагы өнөктөшү, актёр Леонардо Ди Каприо менен Кейт Голливуддагы эң бекем достордун катарын түзүшөт. Тасмада сүйүшкөн түгөйлөрдүн образын жараткан актёр-актрисаны тартуу учурундагы оор кырдаалдар жаш актёрлордун достугун сынаган. Бирок бардык кыйынчылыктарды татыктуу жеңип өтүп, достук эмес, үй-бүлөнү сактоо кыйынга турган учурда Ди Каприо менен Уинслет 20 жылга чукул убакыттан бери бири-бирине болгон назик мамиле, берилгендик, камкордук, сүйүү мамилелерин сактап кала алышкан.

2016-жыл.

Достор ар кандай кырдаалдарда бири-бирин колдоп келишет. 2016-жылы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде Леонардо Ди Каприого көптөн күткөн сыйлык берилгенде актриса кубанганынан көзүнө жаш алганы интернетте кызуу талкууга алынып, "чыныгы достук, сүйүү ушундай болот" деген билдирүүлөр айтылган.

"Бизде бекем байланыш бар, бул нерсеге жадакалса курбуларым да суктанып, кээде ич күйдүлүк менен карап калышат. Лео башкалар үчүн сексуалдуу мырза болушу мүмкүн, мен үчүн баягы эле тентек Лео", - деп билдирген актриса "Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда романтикалык мамилелер болушу мүмкүн беле?" деген суроого жооп берип жатып. Ал эми Лео: "Биз бири-биринин жумушун колдоп, кубаттап иштеген бир механизм сыяктуубуз", - деп билдирген.

2012-жылы Кейт Уинслет миллионер Нед Рокнроллго жашыруун турмушка чыккан. Үлпөт той ушунчалык сыр тутулгандыктан, жадакалса түгөйлөрдүн ата-энеси да чакырылган эмес. Бирок ал жерде Кейттин сүйкүмдүү досу Лео болгон.

5-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
05.10.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ровза еже сиз абдан сонун ойногоз машинанын ичиндегини есепке албаганда.байкуш ериниз коруп кандай акыбалда болот екен титаникти.
05.10.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
konfetka.medik, Ал Американецтерге уят деле эмес
05.10.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты актёр актриса мага ТИТАНИК тасмасы абдан жагат кеминде 30жолу коргом.
05.10.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мне дейбиз кут болсун оздук майрам )) Лео менен дос болгону суйундурду, кантсе да урмат сыйды сактап калыптыр, роман поман болуп кетпей.
05.10.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bahh tee да 5- октябрь туулган.
05.10.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куник болуп кетиптир
05.10.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kypkyrgyzz,кыргызда куник деген соз жокко бул созсоз озбектердики
05.10.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kypkyrgyzz,сен биринчи 40 жашка чыгып, анан кузгудон озунду бир карасан...
Т.б. мыкты актриса Титаниктеги ролун мыкты аткарган, айрыкча, ышкырык менен ышкырып, кайыкты чакырып алат го... Коруучулордун коздорунон жаш тегеренет...
05.10.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арадан 20 жыл отуптур хуник болот да анан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: