Бишкектеги жол кырсыгынан жөө жүрүүчү каза болду
Бишкектеги Асанбай кичи районунда жол кырсыгы катталып, жөө адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 4-октябрь күнү саат 22:00 чамасында болгон. Анда жөө жүрүүчүнү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетип, жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.
“Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны 20 жаштагы жаран башкарып келе жаткан. Ал Токомбаев көчөсү менен батыш тарапты көздөй баратып, Куттубаев көчөсү менен кесилишкен жерден жөө бара жаткан 50 жаштагы эркек кишини сүзүп алган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө”, - деп айтылат Патрулдук милициянын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
-1

Каза болгон адамдын жайы жаннаттан болсун.. А тиги туртуп алганга адилеттуулук менен чечим чыгарышына тилектешмин...