super.kg logo

Карьера, материалдык байлыкка караганда үй-бүлө баалуу экенин көрсөткөн "План Б" тасмасынан фоторепортаж

 

Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында “План Б” комедиялык тасмасы жабык форматта көрсөтүлдү. Ага тасманын жаратуучулары, атайын чакырылган коноктор, медиа өкүлдөрү катышты. Башкы каармандардын образын Бакыт Осмонканов, Улан Чыналиев, Айжан Аденова жаратышкан. Тасмада башкы каармандын образын жаратуу менен бирге режиссёрлук да кылган Бакыт Осмонкановдун айтымында, “План Б” тасмасында адам үчүн карьера, материалдык байлык маанилүү эмес, эң маанилүүсү анын үй-бүлөсү, жакындарынын бар экендиги көрсөтүлөт.

“Убакыт бат өткөн заманбап жашоодо көпчүлүк жаштар карьеранын, материалдык байлыктын артынан чуркап жүрүп жанындагы жакындарын, ата-энесин, досторун унутуп баратканын байкоого болот. Тасмада адам үчүн эң маанилүүсү анын үй-бүлөсү, жакындары экенин көрсөткүбүз келди. Бул нерсе дайыма актуалдуу, ошондуктан ушул темага кайрылдык. Тасманы көргөн ар бир көрүүчү өзүнө пайдалуу сабак алып кетсе деген ниеттебиз. Үй-бүлөлүк комедия болгондуктан, тасма баарына, ошондой эле кыргыздын каада-салт, ырым-жырымдарын, ата-эне, үй-бүлөсүн сыйлаган мекендештерибизге арналат”, - дейт Осмонканов.

Ал эми актёр Улук Чыналиев тасмага кантип тартылып калганы жөнүндө буларга токтолду: "Бакыт Осмонкановдун сунушу менен ушул тасмага тартылып калдым. Бул менин тасма ааламындагы алгачкы ролум, андыктан бир аз кыйынчылыктар болду. Тартуу учурунда Бакыт байке "бул жери болбой калды, мындай ойно" деп багыт берип турду".

"План Б" тасмасы жашы 30га чыкса да карьера, бутка турганда үйлөнөм деп жүргөн Бакыт аттуу бойдок жигит тууралуу болот. Бакыт өнөктөшү менен жүргүзүп жаткан жумушу жакшы болуш үчүн инвестор издейт. Инвесторлордун баары кризис, акча жок деп баш тартышат. Араң тапкан инвестору келишим түзүү үчүн ишкер үй-бүлөлүү болуш керек деген талап коёт. Тез арада үйлөнүү же убактылуу аялдын ролун ойногонго кыз табуу керек эле. Башкы каарман Бакыттын сүйгөн кызы таарынып сүйлөшпөй койгондуктан, кол алдында иштеген кыз убактылуу аялдын милдеттерин аткармакчы болот. Кызыктын баары инвестордун башкы каармандын үй-бүлөсү менен таанышам деген сунушунан кийин башталат...






Үй-бүлөлүк “План Б” тасмасы жарыкка чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
06.10.2016. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кинонун баркын кетирип буттунор Тамашоучулар.
06.10.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Орустардын "Перекресток" киносунун идеясы окшойт.
06.10.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруш керек экен
Медиа-портал
07.10.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уже кызыксыз штампованный кинолор.
SUPER.KG видео
07.10.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bakit chaljandabai ele suiloson bashin irgip kete jazdadi.ii degi ele korgon sayin kijirim allergiyam bashtalip ketet da
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: