super.kg logo
  Саясат  

Алмамбет Шыкмаматов: "Бизди "Мегаком" боюнча күнөөлөөгө аракеттенип жаткандардын өздөрүнүн айыптары ачылат"

 

“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Мегаком” компаниясын орусиялык “Мегафон” компаниясына өткөрүү маселесин чечип берүү үчүн 1 миллион доллар алган”, - деп “Вечерний Бишкек” басылмасы экс-депутат Өмүрбек Абдрахмановго шилтеме берүү менен жазып чыкты.

“Ата Мекендин” депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов “Мегакомдун” айланасындагы жаңжалдар менен тыгыз байланыштуу жана бул компанияда жеке кызыкчылыктары бар. Тагыраак айтканда, өздөрүнүн үлүштөрү бар. Үлүштөрү Максим Бакиевдин атына катталган оффшордук компанияларда жайгашкан”, - деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Алмамбет Шыкмаматов SUPER.KG порталына төмөнкүдөй оюн билдирди: "Вечерний Бишкек" басылмасына чыккан маалымат жалган. Муну эки нерсе менен далилдесе болот. Биринчиден, “Мегаком” компаниясы 2010-жылы 100 пайыз улутташтырылып, мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Ушул жылдан тарта аталган компаниянын акциялары 100 пайыз мамлекеттин менчигинде жана Мамлекеттик башкаруу фонду аркылуу башкарылат. Аталган басылмада жазылган маалыматта аты жок бир белгисиз компанияга бизди акционер болду дегенинин максатын түшүнүп жатам. Ал белгилүү саясатчылар ушундай чуулгандуу иштерге катыштыгы бар экен дегенди коомчулукка жайылтуу аракетин көргөн кара пиардын жаңы формасы. Мындай нерсе суу кечпейт. Оффшордук компания дегенге келсек, ал баары бир эртең калкып чыгат. Эртең биз тиешелүү жактарга суроолорду жиберебиз. Жооп келгенде минтип кара пиар жазып жаткандар өздөрү уят болуп калышат. Биз кайрылган тараптардан тиешелүү жооптор келип, маалыматты төгүндөгүчө убакыт өтөт. Эл ишенчээк да. Ушул убакыт аралыгында элди ишендирип калалы деген эле аракеттери. Ал эми экинчи божомолубуз боюнча, биз эртеңден баштап ошол "Мегакомду" чындык издеп каза баштайбыз. Ошондо "Мегакомдон" өздөрүнүн айыптары ачылып калат. Алардын айыптарынын ачылышын кайсы бир топ каалап жатат. Демек, бул өздөрүнүн ичиндеги кайсы бир топтордун чабышы”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: