Депутат: "Балдар түнкүсүн мечиттерде айтылган азандан жана кафелердеги музыкадан уктай албай жатышат"

Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Болотбек Ибраимжанов түнкүсүн мечиттерде азан айтууга тыюу салууга чакырды.
"Мечиттерде түнкүсүн азан аябай катуу айтылууда, үндүн бийиктиги санитардык нормадан жогору болуп жатат. Саат 23:00дөн 07:00гө чейин тыюу салынышы керек. Балдар түнү менен уктабай, мектепке кечигип калышууда. Санитардык-эпидемиологиялык станция бул маселеге көңүл бурушу зарыл. Мындан тышкары ресторандарда, кафелерде түнкүсүн ырдалган репертуарды биздин балдар жаттап калышты. Кайсы ырлар ырдалып жатат, кимдин дарегине тосттор айтылып жатат, баары угулуп жатат. Мунун баары сабак окууга тоскоолдук жаратууда", - деп арызданды депутат.
Депутат: "Мечиттерде түндө айтылган азан элдин тынчын алууда"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
-4

Урматтуу Алмазбек Атамбаев жана депутаттар! Эгер талкууга маселе жок болсо анда качан кантип 4 млд, 75 млн доллар тышкы карызды кутуласынар? Ушул маселенерди талкууга алып чечкиле! Элге силерден ШОУ кереги жок!
Жепжутаттар чынында акылынан азыптыр. Аман эле болсун.
Кийинки шайлоодо эмне болоор экен ?
Балдарын азан угуп чонойсо жакшы эпеспи?
Ансыз деле Эрте мененки намазга 6:15те азан айтылып жатат.Кудай Таала эрте мн ырыскы таратат. Эрте мн ойгоо болгондорго мол мол ырыскы, уйкуда болгондорго ото аз ырыскы береер екен
Ошондуктан Иттер ерте мн уктагандыктан дуйнодо аз екен койлор Эрте мн ойгоо болгондугу учун дуйнодо кооп болот екен.
Болбосо иттер бир толдогондо 3 4 ту а койлор 1 2 ни толдойт