super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянова өкмөттү парламентке чакырып, "Мегаком" боюнча маалымат угууну талап кылды

 

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова депутаттарды "Мегаком" компаниясына байланыштуу өкмөттөн маалымат угууга чакырды.

"Бүгүн бийликке сын айтып жаткан үч депутатты күнөөлөө ким тарабынан уюштурулуп жатканы түшүнүктүү, айдан ачык эле. Калптын чеги болот да. Буга чейин депутаттар Мээрбек Мискенбаев, Осмонбек Артыкбаев аталган маселе боюнча комиссия түзүүнү суранышкан. Мен дагы териштирүүнү талап кылам. Бүгүн өкмөттү чакырып, суроолорубузду берсек", - деди Салянова.

"Вечерний Бишкек" кандай басылма, кимге жакын экенин баарыбыз билебиз. "Текебаев, Салянова, Шыкмаматов "Мегакомдун" айланасындагы жаңжалдар менен тыгыз байланыштуу" деп жалган жазган адамдан толук маалымат алсак. Мен башкы прокурор кызматында иштеп жатканда "Мегакомдун" 51 пайызын мамлекетке алып келүү боюнча жасаган эмгегим чоң. Мен мактанбайм, бирок муну айтууга туура келди", - деп түшүндүрдү депутат.

Айта кетсек, кечээ, 5-октябрда "Вечерний Бишкек" басылмасы “Ата Мекендин” депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов “Мегакомдун” айланасындагы жаңжалдар менен тыгыз байланыштуу жана бул компанияда жеке кызыкчылыктары бар. Тагыраак айтканда, өздөрүнүн үлүштөрү бар. Үлүштөрү Максим Бакиевдин атына катталган оффшордук компанияларда жайгашкан”, - деген маалыматты жазган. Бул боюнча Алмамбет Шыкмаматов бул маалыматты жалган деп, себептерин түшүндүргөн.






Салянова өкмөттөн "Мегаком" боюнча маалымат берүүнү талап кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: