КҮНСЕРЕП: "Ата Мекенге" чабуулдун экинчи толкуну башталды (толукталды)
Бүгүн, 6-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жогорку Кеңештеги "балык" депутаттарга микрофон бергенде эмне болот? Бул суроого жооп табуу үчүн парламент атайын эксперимент жүргүзүп жатат деген ой пайда болууда. Акыркы мезгилде айрым депутаттар күлкүгө бөлөп салчу же ачууну келтирчү ой-пикирлерди айтуу боюнча бири-бири менен атаандашып жаткандай көрүнөт. Мурда деле депутаттар акылдуу, терең ойлуу сунуштары менен катуу айырмаланышчу эмес, бирок акыркы эки аптанын ичинде айрым эл өкүлдөрүнүн "акылман сөздөрү" элге кеңири жайылып, “Бул депутаттар кайсы планетадан түшкөн?” деген суроону жаратууда. Өткөн аптада "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Гүлшат Асылбаеванын “өлкөбүздө 8-9 миң сом айлык алгандар бар экенинен абдан шектенем, андай айлык жок" деген билдирүүсүнөн кийин элдин кыжыры кайнай баштаган. Бул депутаттын көлөкөсүндө калгысы келбеген КСДПчы Жылдыз Мусабекова "азыр мектепке барсаң, мугалимдер чабан менен саанчыларга окшош" деп мугалимдердин жупуну кийимине тийишкен. Эркек депутаттар да аял кесиптештеринен четте калышкан жок. Бүгүнкү парламент жыйынында депутат Болотбек Ибраимжанов ("Республика-Ата Журт") "мечиттерде түнкүсүн айтылган азан элдин тынчын алууда" деп айтты. Азан бир күндө 5 жолу: кечкисин күн баткан соң, ал эми эртең мененкисин таң сүргөнгө чейин айтыларын Ибраимжанов билбейт окшойт. Анын "Өнүгүү-Прогресстен" кесиптеши Камчыбек Жолдошбаев "120 депутаттын баары мыкты иштеп жатат" деген билдирүүсү менен интернетте көпчүлүктүн сынына кабылды. "70 жыл ичинде жасалбаган ишти 7 жылда жасадык. Депутаттар бала бакчаларды, жолдорду, көпүрөлөрдү куруп жатышат. Өкмөт телеберүүдөн муну айтышы керек" деп талап койду депутат. Бала бакчалар, жолдор, көпүрөлөр мугалимдер менен дарыгерлер төлөгөн салыкка курулуп жатканы депутаттарды анча кызыктырбайт өңдүү. Бул маселеге башка ракурс менен көз салсак, депутаттардын мындай "мыскыл жана тамашалары" элди Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум маселеси жана өлкөдөгү башка чоң көйгөйлөрдөн алаксытуу аракети деп санасак болот...
Бийликти сындагандарга каршы чабуулдардын экинчи толкуну башталды: бийликке жан тарткан басылмалардын бири “ата мекенчилер" Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов “Мегакомдун” айланасындагы жаңжалдар менен тыгыз байланыштуу жана бул компанияда үлүштөрү бар, бул үлүштөрү Максим Бакиевдин атына катталган оффшордук компанияларда жайгашкан" деген маалымат таратты. Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов үчөө тең бийликти активдүү сындагандар жана Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан күчтүү саясатчылар. Аларга каршы ушул сыяктуу шектүү маалыматтар тараары күтүлгөн эле нерсе. Шыкмаматов жогорудагы макалада "ата мекенчилер" тууралуу маалымат жалган деп билдирди. "Тиешелүү мекемелерден жооптор келгенде, минтип кара пиар жазып жаткандар өздөрү уят болуп калышат. Бул баягы "матрёшка-гейттин" эле экинчи сериясы болуп калды. Биз кайрылган тараптардан тиешелүү жооптор келип, маалыматты төгүндөгүчө убакыт өтөт. Эл ишенчээк да. Ушул убакыт аралыгында элди ишендирип калалы деген эле аракеттери", - деди Шыкмаматов. Бүгүнкү парламент жыйынында эки КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев менен Анвар Артыков аталган макаладагы маалыматтарды териштирүүнү суранышты. Балким, алар "ата мекенчилерден" тынчсызданып баштаарын күтүшкөндүр. Бирок Аида Салянова бул маселе боюнча өкмөттүн маалыматын парламентте угууга чакырганда, эки КСДПчы унчукпай отуруп калышты. Бул арада "Ата Мекен" партиясы макаланы жазып чыккан сайтты сотко берери белгилүү болду. Саясий уюмдун мындай чечкиндүү кадамга барганы, тагылган күнөө боюнча тез арада жооп берип жатканы басылманын макаласындагы маалыматтары чын экенинен күмөн жаратат...
кошулду


