super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-ОКТЯБРЬ: 22 жыл мурун Кыргыз Республикасынын туңгуч генерал-майору Эргеш Алиев каза болгон

 

Эргеш Алиев 1905-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Сакалды айылында туулган. Ал Кыргыз жеринде совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандардын бири. Милициянын генерал-майору.

1927-жылы Кызыл Армияга чакырылып, Кыргыз атчандар дивизионунда кызмат кылган. Милициянын Базар-Коргон, Токмок райондук бөлүмдөрүн жетектеген. 1934-1941-жылдары милициянын Алай-Гүлчө райондук, Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы, милициянын Тянь-Шань облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон. Согуш жылдары (1941-1945) Ички иштер эл комиссариатынын 107-аткычтар дивизиясынын бөлүмүнүн башчысы, милициянын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1946-1947-жылдары милициянын Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Андан соң Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустук башкармалыктарынын башчысынын орун басары, 1956-1959-жылдары милициянын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы, милициянын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Эргеш Алиев Ленин, Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. ИИМдин академиясы, райондогу мектеп, Жалал-Абад шаарындагы көчө анын ысымы менен аталган. Ал 1994-жылдын 7-октябрында каза болгон.

7-октябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: