super.kg logo
  Спорт  

Рамзан Кадыров уулдарынын мушташын сындаган Фёдор Емельяненкого жооп кайтарды

 

5-октябрда Чеченстандын Грозный шаарында эрежесиз мушташ боюнча "Grand Prix Akhmat-2016" мелдеши өткөн. Анда 8 бурчтукка Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 10 жаштагы уулу Ахмад, 9 жаштагы уулу Зелимхан жана 8 жаштагы уулу Адам да чыгып, жеңүүчү аталышкан. Жаш балдардын ден соолугуна залал келип жатканын, аларды бул куракта мушташтыруу жакшы эмес экенин Аралашкан мушташ өнөрлөрү боюнча кеңештин (ММА) президенти, атактуу мушкер Фёдор Емельяненко айтып чыккан.

Орусиялык спорт басылмаларынын башкы темасына айланган бул көрүнүш спорт сүйүүчүлөрүнүн эки жаатка бөлүнүүсүнө чейин жетти.

Фёдор Орусиянын аймагында 12 жаштан жогорку курактагы балдар гана октагонго чыга алышарын, алардын кошумча коргоочу кийимдерди кийүүсүнө катуу көңүл бурулуусу керектигин белгилеген. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров ага төмөнкүдөй жооп кайтарды:

"Фёдор Емельяненко Чеченстанга келип, "Grand Prix Akhmat-2016" мелдешине күбө болуп, балдар жана өспүрүмдөр менен кантип иштеп жатканыбызга күбө болсо, мелдеш тууралуу жакшы пикирлерин айтып, аягында жаш балдардын мушташын кемчилик катары айтса, мен анын сөзүн башкача кабыл алмакмын. Фёдордун биздин мелдешке тиешеси жок сүрөттү баракчасына жайгаштырып, иретсиз сөздөрдү жазганы этикага жатпайт. Чеченстанда бир дагы балдар үйү жок. Мамлекеттик программанын негизинде биз болочоктогу Орусиянын патриотторун жана коргоочуларын тарбиялап жатабыз. Чеченстанда балдарга карата көрсөтүлгөн кордук боюнча сөз кылуу мүмкүн эмес, себеби бизде балдарга кордук көрсөтүлбөйт, андай фактылар чанда катталат. Фёдор, сиз жаңылыштык кылдыңыз. Орус баатырлары мындай кадамга барышпайт".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(25)
07.10.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Экоонуку тен туура..
07.10.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Балдар үйү жок дейби... мынча жакшы
07.10.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чеченстанда балдар үйү жок дегени көңүлгө майдай жакты. Негизи чечендер уй боор болушат.
Украинада согушта чечендерге терс билдирүү айткан "Доберман" энесин тааныды го .
07.10.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
экоо тен кадыр барка татыктуу адамдар жаш балдарга болбойт бирок чындап эле чечняда балдар уйу жок андан кору ушинтип тарбия берген да жакшыгоо дейм спорт менен
07.10.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Спортун бул туру мага жакпайт башка деле спроттун турлору толтура Кадыров жон эле элге озун корсотконду жакшы ворот окшойт
07.10.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен Кадыровго кошулам озунун мамлекетинде эмне кылышты Федордон сурабайтта чындыгында. Чындыгында Россияны спорт менен тааныткан бул Чечня
07.10.2016. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Omurbek998,Фёдор президент Россия боюнча ушул спорттон и дуйнолук чемпион айтканы туура..а Рамщан озуну корсотконду жакшы корот
08.10.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Omurbek998,ооба Чечендер озунчо мамлекет болобуз деп канча жылдан бери Осетияда болуп келе Жаткан согушту токтоткон Рамзан эмеспи. Тескерисинче орустар Озун корсотконду жакшы корушот, бул жон эле бут тосуу деп эсептейм
07.10.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
бул жерде Федор 100 процент туура бойду коргондор тушунот отоле кичине балдар бул жерде ал бойду корбогон адамдар деле тушунбой эле жазып жатышат Федор 6-чы класстан ойдо жаштагы балдар бойго чыгыш керек деп жазды силер киминер баланарды 6чы класска чейин бой без правилге чыгаргынар келет
07.10.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рисовка кылыптырда балдарын
07.10.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Федор туптуура айткан. Эч кимди сындабай,шылдындавай эле. Тимеле чычалашты го Кадыровдор.
07.10.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кадыровдун кылганы туура эмес деп ойлойм.Чечняда анын балдарын ута турган балдар толтура бирок чыгышпайт,чыгып утулуп бергилери келишпейт.Кыргыз мушкерлеринен суранат элем клуб Ахмад менен беттешуу уюштуруп ММА боюнча бардыгын талкалагылачы.Главный судьяга Фёдорду чакыргыла демекмин.
07.10.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кадыровдуку туура эмес,байкуш балдарды мушташтырып.
07.10.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул спорт да мушташса мушташа берсин бирок федя айткандай шлем кийдирип анан чыгарыш керек еле
07.10.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
чечендер динге абдан бекем чечен кыздарды башка бироо м.н корсо олтуруп салышат...мусулман дининдеда буларда чыныгы мусулмандардан бизге окшоп тушко чейин имам туштон кийин еб** эместа
13.10.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elmurat.kg,кордук динге бекем экенин жаш балдарды мушташтырганын не только жаш жаш балдарды мусулман бир тууганды бетке уруу куноого. динде кыздарынарды эле карагыла деген эместа.
07.10.2016. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадыров деле эмне кылып жатканын билет да
08.10.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен бир нерсе дей албайм.кантседа рамзан ели учун бардык нерсени кылыватат.балдар уйу жок.ал еми эмеляненконун созуда туура.екоо тен мыкты адамдар.
08.10.2016. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен билгенден Чубак ажынын созу боюнча бокс шариятка туура келбейт деп айткан. А бул жерде бой без правил болуп жатат. Бул ото эле туура келбей калса керек. А Рамзан мусулманчылыка ыктаган жетекчи. Эмне дешти да билбейм...
08.10.2016. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казанчынын оз эрки кайдан кулак чыгарса дейтко, бирок Чеченстанда балдар уйу карылар уйу да жок. бул чечен элинин озгочо касиети, президент деген ушундай болуш керек.
08.10.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рамзан Азамат адам. Ал билет не кылышты
08.10.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз анда эмес маани берсенер Федордун созуно,12жаштан жогору деп турат бул закон боюнча айтып жатат 9.10жашта баланын баш соогу жетилип катый элек болот эрте трамва алып мээ жакшы жетилбей калат бул ислам динине жол бербейт
08.10.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рамзан негизи туура эмес жооп кайтарыптыр президент болуп туруп,а Федордун созу эн туура жуз пайыз кошулам балдардын келечегин ойлоп жатканын туйдум эгер Рамзан спортчуларды кобойткусу келсе 12жаштан жогоркуларды кабыл алсын
13.10.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм бул адам мен учун корунгусу эле келгендей сезиле берет
14.10.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрежесиз эр мушташка жаш балдардын тушуусу туура эмес деген пикирге мен да кошулам, жаш балдар эрежелуу мушташтарга эле тушо беришсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: