Өлкөдөгү алгачкы балдар хосписине имарат бөлүнүп берилди




Өлкөдөгү алгачкы балдар хосписине (хоспис - айыкпас дарттан жабыркагандарга бекер медициналык жардам көрсөтүүчү мекеме) имарат бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Борбор Жаш Гвардия бульварындагы мурунку кургак учук ооруканасынын имаратында иш алып барат. 1-кабатта "Тез жардам" станциясы орун алса, 2-кабатта балдар хосписи жайгашат. Ал эми кургак учук ооруканасы оорулуулардын саны кыскаргандыктан жоюлган. Ал жерге хоспис 10 күндүн ичинде көчүп барары пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Балдар хосписи коммерциялык эмес социалдык уюм болуп, оор илдетке кабылган адамдарды кароочу өлкөдөгү жалгыз медициналык мекеме болмокчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.