super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Депутаттардын жамбашына ким "спонсор" болду? (толукталды)

 

Бүгүн, 7-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Жогорку Кеңештин депутаттары акыры жаңы креслого жетишти. Парламенттин жыйындар залына 120 кресло сатылып алынганын бүгүн SUPER.KG порталына парламенттин басма сөз кызматынан тастыкташты. Креслолор эл аралык уюмдардын биринин акчасына сатылып алынып, бюджеттен бир тыйын каражат жумшалбаптыр. Ошол эле учурда басма сөз кызматы кайсы уюм креслолорду алып бергенин айта алган жок, тиешелүү документтерди да көрсөткөн жок. Көпчүлүктүн эсинде, мындан туура 1 жыл мурун - 2015-жылдын 8-октябрында жаңы шайланган Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. 120 кресло тендери коомчулукта катуу сындалып, олуттуу нааразычылыктардан кийин парламент бул тендерди жокко чыгарууга аргасыз болгон. Бирок депутаттардын элге капачылыгы ичинде калганы, эски отургучтарга отургусу келбей жатканы көп өтпөй ачыкталып, эл өкүлдөрүнө баары бир жаңы кресло сатылып алынарын былтыркы жылдын 4-ноябрындагы парламент жыйынында спикерликке талапкер Асылбек Жээнбеков билдирген. "Депутаттар отуруп алып айланып-тегерене турган эмес, жөнөкөй, отуруп иштей турган креслолор алынышы зарыл", - деген экс-спикер. Бирок жаңы сатылып алынган креслолор деле айланып-тегерене турганы көрүндү, депутаттык жеңилдиктерге, комфортко көнүп бүтүшкөн мыйзамчылар жөнөкөй отургучка алымсынбайт сыягы. Мамлекеттин карызы 4 миллиард долларды чапчып турганда "спонсорлордун" ошол акчасы казынабыздын тешиктерин бүтөөгө жумшалганы эп болмок. Бекер акчага депутаттардын ордун жумшактап, казынада мектеп курууга каралган акчаны оюн-зоок уюштурууга, референдум өткөрүүгө жумшап жаткан бийликке элдин алкыш айтпасы белгилүү. Ошол эле учурда өлкөдө донорлордун каржылык колдоосуна муктаж жарыксыз же таза суусуз айылдар көп. Элдин добушу менен парламентке келгендер өзүнөн мурун элди жылуулоого, жумшактоого качан көңүл бурушар экен...

Бийлик Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандарды ачык мазактоого өттү сыяктанат. Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору талкууланган бүгүнкү парламенттик угуунун жүрүшү ушундай ойго жетеледи. Тажрыйбалуу юрист, парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкү иш-чарада катышуучулардын Конституцияны өзгөртүү боюнча айткан сунуштары кабыл алынбасын баса белгиледи. "Бүгүнкү парламенттик угуу протоколдогу “галочка” үчүн өткөрүлдү. Кийин демилгечилер "биз элдин пикирин укканбыз" деп айтууга укуктуу болушат. Бүгүн жөн эле театр болду. Мамлекеттик деңгээлдеги документти кабыл алар алдында эл менен дискуссия өткөрүү керек да. Чечим кабыл алгандан кийин документке бир үтүр, бир чекит киргизсе болбойт. Бул жерде демилгечилер уят болушту", - деди Шыкмаматов. Буга чейин бир топ депутаттар жана юристтер Конституцияны өзгөртүү демилгеси боюнча коомдук талкуулардын өткөрүлгөнү же өткөрүлбөгөнү тууралуу сурашканда, демилгечилер "эл менен жолугушууларда талкуулаганбыз" деп кутулушчу. Демек, эми бүгүнкү жыйналышты бийликтегилер күчтүү аргумент катары пайдаланышат. Бүгүнкү парламенттик угууда Конституцияны өзгөртүүгө макул экендигин айтышып, аты-жыты көпчүлүккө таанымал эмес адамдар кагаздан даяр тексттерди окуп турушканы өөн учурады. Алардын айткандарын мамлекеттик телеканалдар, албетте, "элдин пикири" деп кайра-кайра көрсөтөрүн күтүүгө болот. Ал эми каршы пикир айткандардын сөзү канчалык үзүлүп-кесилбей берилерин да убакыт көрсөтөт. Мындай тажрыйба мамлекеттик ММКларда колдонуп эле келген. Бул арада Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы Конституцияны өзгөртүү аракети боюнча Конституциялык палатага кайрыларын жарыялады. "Ата мекенчилер" адам укугуна жана эркиндиктерине карата киргизилип жаткан өзгөртүүлөр, референдум тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы канчалык Конституцияга жана мыйзамдарга шайкеш келери боюнча Конституциялык палатанын чечимин сурамакчы. Бирок бул палата бийликтен толук көз каранды эместиги былтыр байкалган. 2015-жылдын май айында Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова "жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо Конституцияга каршы келет" деп, бийликтин биометрикалык кампаниясын колдобогонун ачык билдиргенден көп өтпөй кызматынан кетиришкен эле. Андыктан президенттин Кой-Таштагы жер тилкесинин "мыйзамдуу" сатылып алынганын тастыктаган Башкы прокуратура сыяктуу эле Конституциялык палата да "Ата Мекенге" кандай жооп кайтарарын божомолдоого болот. Ошентсе да күтө туралы...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: