Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алгачкы атаандашын утуп алды

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда алгачкы атаандашын утту. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал чейрек финалда түркиялык балбан менен кез келип, аны 4:2 эсебинде утуп алды. Жарым финалда Турганбаевдин атаандашы япониялык Тамоцу Какефуда болмокчу.
Айта кетсек, мелдеш 9-октябрга чейин Польшанын Варшава шаарында өтөт. Ардагерлер арасындагы Дүйнө биринчилигине Кыргыз мамлекетинин желеги астында 2 спортчу катышууда. Мелис Турганбаев 76 килограмм салмакта күчүн сынаса, Дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков 97 килограмм салмакта килемге чыкмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
7

Мынаа бул улгу.