super.kg logo
  Спорт  

Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Чынарбек Изабеков финалга чыкты

 

Варшава шаарында ардагерлер арасында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Чынарбек Изабеков финалга чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Изабеков алгач Сауд Арабиянын, андан соң Польшанын балбанын утуп финалга чыккан. Финалда молдовалык балбан менен беттешет. Ал эми мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев жарым финалда Япониянын өкүлүнө утулуп, финалга чыгуу укугунан ажырап калды. Эми ал коло байге үчүн күрөшөт.

Айта кетсек, мелдеш 9-октябрга чейин Польшанын Варшава шаарында өтмөкчү. Ардагерлер арасындагы Дүйнө биринчилигине Кыргыз мамлекетинин желеги астында 2 спортчу катышууда. Мелис Турганбаев 76 килограмм салмакта күчүн сынаса, Дүйнө чемпиону Чынарбек Изабеков 97 килограмм салмакта килемге чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.10.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
картан карышкырдын бир койлук алы бар деп айтканго чондор ийгили агаларыбыска
08.10.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыздар. Эми алтын жана коло медаль алышындарга тилектешпиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: