АКШ элчилиги Кыргыз Республикасындагы жарандарын сак болууга чакырды

АКШ элчилиги Кыргыз Республикасындагы жарандарын сак болууга чакырды. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 8-октябрда элчиликтин сайтына жарыяланды.
Сайттагы билдирүүгө караганда, октябрь айында чет элдик дипломаттарга карата террордук чабуулдар жана аларды барымтага алуу фактылары болуп кетиши мүмкүн экени айтылат. Мындан улам АКШ элчилиги жарандарын сак болууга, эл көп топтолгон жерлерге барбоого, коомдук жайларда коопсуздукту сактоого чакырат. Ошондой эле жаңылыктар менен кабардар болуп туруу керек экени айтылып, элчилик менен байланышуу номурлары көрсөтүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Азыр элибиз озуда тушуно баштады ким кандай, ким эмне иш кылат... Ошону учун Кыргыз элим озу эле мындай нерсеге жол бербейт деп ойлойм.. .