super.kg logo

Лира Чолпонбаева: "Ак кан менен ооруган балама кайрымдуулук концертин өткөргөндөр акчабызды бербей качып жүрүшөт"

 

"Ак кан менен ооруган балама кайрымдуулук концертин өткөргөндөр акчабызды бербей 4 айдан бери качып жүрүшөт", - дейт Лира Чолпонбаева. Ал бүгүн, 10-октябрда SUPER.KG порталына буларды айтып берди: "Менин балама жардам беребиз деп кайрымдуу адамдардын терисин жамынган "Бакыт нуру" коомдук кайрымдуулук фонду 4 айдан бери алдап, акчабызды бербей жүрөт. Бул концерт 31-май күнү Бишкектеги Спорт Ордосунда жалгыз менин балам үчүн өткөн. Концерттин өтүшүнө мен да салым кошуп, билеттерди сатууга жардам көрсөткөм. Жалгыз мен 62 миң сомдук билет сатып бергем".

Акыйкат издеген эне 1-Май РИИБине арыз менен кайрылган. Райондук укук коргоочулар алданган энеге 5-сентябрда "кылмыштын курамы жок" деген чечим чыгарып беришкен. Ал эми Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы мамлекеттик ишканасы 31-май күнү "Бакыт нуру" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан кайрымдуулук концерти өткөндүгүн тастыктаган тактама берген. Ошол эле учурда жабырлануучу Лира Чолпонбаева "Бакыт нуру" коомдук кайрымдуулук фонду менен кагаз жүзүндө келишим түзгөн эмес.

"Бакыт нуру" коомдук кайрымдуулук фондунун төрайымы "жеримди сатып берем, балдар акчаны иштетип жиберишиптир" деген эле. Минтип тил эмизгенине 4 ай болду. Балама дарыга акча керек болуп кыйналып кеттим. Бир жолку дарылануусуна 30 миң сом каражат жумшалат. Өзүм ашканада эмгектенем", - деп кошумчалады Чолпонбаева.

Талас облусунун тургуну Медер Медет уулу 24 жашта. Ал эки жылдан бери ак кан оорусу менен күрөшүп келет.

"Бул концертке мен да билет сатышкам, анткени Лира Чолпонбаева менин кудагыйым болот. Аларга жардам берейин дегем. Бизге 1-Май РИИБинин тергөөчүсү Бекжан Таалайбеков акчаны өндүрүп берерин айткан эле, бирок акчабыз өндүрүлгөн жок", - деп билдирди Гулина Сарыбаева.

Маалыматка ылайык, аталган кайрымдуулук концертине Кайрат Примбердиев. Акбар Сүйүнбаев, Аяна Касымова, Айчүрөк Султанова, Бакыт Мамаев, "Маржан" тобу катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
10.10.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жебеген ушул эле калды эле...
Адааам...кайда баратабыз?!алдап,алдым - жуттум болуп...
10.10.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайрымдуулук фондтор кайрымдуу эмес эле тоночуу болуп калды го.Мисалы эле супер инфого чыккан дудук тачкистке бироолор озунчо счёт ачышкан жардам беребиз деп кана ошо жардам бергендери
10.10.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ, башка созго арзыбыбайт. Адам сындуу ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-10 12:26:50
10.10.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jili, этика нормаларын сактаңыз!
10.10.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанга барсан башка кылымга баргандай болосун тооба, мумкунчулук болсо баардыгы алсам, жесем дейт, А сенин артвыда барбы жокбу кызыктырбайт да. Ошон учун онукпойт да кыргызстан. Балык башвнан сасыйт да озу
10.10.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кийин оо дуйно барганда сурак эсеп кысап деген бар ошондо жооп беришет го ал ХХХ.бироонун акысын жегенге болбойт гооо уффффф.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-10 13:03:16
10.10.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
dasilek, этика нормаларын сактаңыз!
10.10.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудайдан коркпогурлар десе. кантип ушундай ооруп аткан адамдын акчасын алып качып журушот.
ХХХ десе
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-11 09:44:11
11.10.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni., этика нормаларын сактаңыз!
10.10.2016. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Азиз Мурадиллаевге да откоробуз деп атышат го жеп албасын алар да козомолдоо керек
11.10.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иий тооба,Кыргыз эмес эле эмне болуп баратышат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: