Ак-Ордо конушунда мектептин курулушу башталды






Борбор калаанын Ак-Ордо конушунда мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы салынып жаткан мектеп бардык шарты менен 3 кабаттуу болуп курулмакчы. Аталган мектеп 960 орунга ылайыкташтырылган.
"Мектептин курулушуна каражат жергиликтүү казынадан жумшалууда. Мектептин пайдубалын түптөөгө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, айыл тургундары катышты. Курулушту "Мс Билдинг" курулуш компаниясы баштаган. Билимкананын ичинде 30 класстык бөлмө, лаборатория бөлмөлөрү, ошондой эле спортзал, жайкы спорт аянтчасы болот", - деп билдирди басма сөз кызматы.
басма сөз кызматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
mambo-1984

10.10.2016. 14:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуну республика партиясы шайлоодо убадасын берди эле молодцы созуно туруп жазап башташыптыр оздору дагы ачылышына келиптирго.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.