КРнын чек ара кызматкерлери ок атуу боюнча эл аралык мелдеште 2-орунду алышты
Кыргызстандын атынан күч сынашкан чек ара кызматкерлери


Кыргызстандын атынан күч сынашкан чек ара кызматкерлери

Чек ара кызматкерлери сыйланууда
10-апрелде Москва шаарында чек ара кызматкерлери арасында Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча эл аралык мелдеш өтүп, анда Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү 2-орунду ээлешти. Мелдешке Кыргызстан, Абхазия, Армения, Ооганстан, Беларусь, Казакстан, Молдова, Монголия, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстандын чек арачылары катышты. Айта кетсек, мелдеште 1-орунду Орусиянын командасы, 3-орунду Тажикстандын командасы ээледи. Маалым болгондой, мелдешке катышкан Кыргызстандын чек ара кызматкерлери учурда Москвадагы Чек ара академиясында тажрыйба топтоо үчүн окуп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
2

