super.kg logo

Прокуратура "күйөөсүн жиликтеген" деп айыпталган келинди 18 жылга эркинен ажыратууну сурады

 

Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин кароо улантылды.

Соттук кароонун алкагында прокурордун жардамчысы Жеңиш Нуралиев айыпталып жаткан келиндин күнөөсү толугу менен далилденгенин белгиледи. "Тергөө амалдарынын алкагында айыпталуучу Субанова өз күнөөсүн моюнуна алган. Анын берген көрсөтмөлөрү фактылар менен дал келген. Ал баарын болгонун болгондой айтып берген. Ал эми сотто Субанова күнөөсүн моюнуна албай, күйөөсүн өлтүрбөгөнүн айтты. Анын биринчи берген көрсөтмөлөрү чындыкка көбүрөөк дал келүүдө. Ал күйөөсүн өлтүргөнүндө шек жок", - деди ал. Андан соң прокурор соттон Айдай Субанованын мүлкүн конфискациялоо менен аны 18 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Сөз жабырлануучу тарапка берилип, маркумдун бир тууганы Шерлан Оркошев: "Агам 5 маал намаз окучу, ал патриот болчу. Бизнес менен алектенип, Кытайдан инвестор тартууну пландап жүргөн. Кийинчерээк саясатка аралашам деген ниети бар эле. 2011-жылы үлпөт той өткөрүшүп, 600 конок чакырышкан. Апам Айдай тууралуу жаман айтчу эмес. Айдайдын көрсөтмөлөрү дал келбей жатат, эгер анын "жомокторунда" чындык бар болсо, эмне үчүн ал милицияга кайрылган эмес? Сот бир жылдан бери уланып жатат, Айдайдын сөздөрүнө ишенип жатып ушуга келдик. Канча нерв короду?.. Ал кылганына өкүнгөн жок. Мен мындай адамдар үчүн өлкөдө өлүм жазасы жок экенине өкүнөм, себеби булар кайра эле мамлекеттин эсебинен каралат. Мен анын катуу жазаланышын суранам", - деди ал.

Айыпталуучунун жактоочусу маркум менен А.Субанова жакшы жашап келгенин, ал эми экөөнүн жашоосу жаман болгон болсо ал жөн гана ажырашып кетмектигин айтты. "Айыпталуучуга эч ким ишенген жок. Маркум спорт менен машыгып келген, ал дени сак киши болчу, анан ал өзүнө бычак менен кол салууга жол бермек беле? Ал каршылык көрсөтмөк. Ошондой эле паркетте жана жуунуучу бөлмөдө кандын издери калмак. Ал күйөөсүн өлтүрбөгөнү чындык. Болбосо кандайдыр бир үндөрдү кошуналары укмак болчу", - деди жактоочу.

Ал эми айыпталуучу А.Субанова өз сөзүндө: "Бизде баары жакшы болчу. Биз урушчу эмеспиз. Себеп жок болчу. Мен балдарымды мындай тагдырга туш кылбайт болчумун. Соттон адилеттүү чечим чыгарууну өтүнөм", - деп билдирди.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышты моюнуна алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
10.10.2016. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир кудай билет кимдики чындык экенин!
10.10.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаратканым ар бир пендесине ыйман,ынсап берсин. Журок ойуткон аянычтуу тагдырлар, окуялар кундон кунго кобойгонсуйт. Кандай болсо да, сот адилеттуу чечим чыгарса экен. Коз коруп,кулагын менен укпаган сон эч нерсе дей албайбыз. Жаратканым озу таразалап,жазалап коёт.
10.10.2016. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эхххх маркумдун энесинин акыбалын итке дагы салбасын ,бир туугандары ай мончоктой боорунан ажырап,балдарына алардан дагы чон запкы болду эмнеси болсо дагы ар кимдин жазасын кудай беосин.
10.10.2016. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ошондо Субанова айыбын мойнуна албай жатса кимди куноолоп жатат Ким олтургон болот куйоосун?
10.10.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эптеп эле ишти ачты жапты кылып койбой кылдат иликтеп адилеттуу чечим кабыл алгыла,эки баласын жетим калтырбай,мумкун чын эле куноосу жоктур,башка бироолор себепчи болуп коркутуу мн куноону оодарып койгондур,эмнеси болсо да адилеттуу карап энесинен да ажырата корбогуло балдарын.
11.10.2016. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
болду болбоду кызга ичим ачышып жатат.
11.10.2016. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тан калычтуу кошумча кишилер болушу мумкун озу жалгыз олтуро албайт эле..
11.10.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
прокуратура изилдеп аныгын билсе болбойбу эптеп эле куноону коюп ишти жапканга аракет кылбай,мен олтургон эмесмин деген созуно караганда бир нерсени билет.сот прокурорлордун ишти аркага тартканы да жондон жон эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: