"Дордой" курама командасы футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандоо туруна катышат
Малайзиянын Шах-Алам шаарында 19-апрель күнү футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандоо туру өтөт. Анда Кыргызстандын “Дордой” курама командасы “B” тобунда оюн көрсөтүп, Кувейт жана Катар өлкөлөрүнүн командалары менен беттешмекчи. Мелдештин "А" тобунда Ливан, Ирак, Бириккен Араб Эмираттарынын командалары ойнойт. Айта кетсек, футзал боюнча Азия чемпиондугунун финалдык мелдеши 27-августтан 1-сентябрга чейин Япониянын Ногая шаарында өтөт. Ага 17 өлкөнүн футболчулары катышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.