super.kg logo

Министр Замирбек Айдаров кытайлык компаниянын Лексус унаасын шашылыш түрдө ээсине кайтарып берди

 

Жакында транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровдун кытайлык компаниянын унаасын пайдаланып жүргөнү тууралуу маалымат жарыяланган. Транспорт жана жол министрлиги 10-октябрда министр чын эле кытайлык "Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн" компаниясынын Лексус 570 автоунаасын колдонуп жүргөнүн тастыктады. 2015-жылдын июль айында министрлик менен аталган компаниянын ортосунда Лексус 570 унаасын убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим түзүлүптүр. Ага ылайык, министр унааны 1 жылдан ашык убакыттан бери каалагандай пайдаланып жүргөн.

Ал эми парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев министрдин өлкөдө ири жолдорду куруп жаткан компаниянын унаасында жүргөнүн сындап, фактыны териштирүү, иликтөө учурунда Айдаровду кызматтан убактылуу четтетүүнү өкмөт башчыга сунуштады. Бирок министрлик менен компаниянын ортосундагы келишимдин мөөнөтү күтүүсүз аяктап, унаа тезинен компанияга өткөрүлүп берилгени шек жаратты. Министр менен компаниянын ортосунда жеке кызыкчылыктар барбы?

Белгилей кетсек, "Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн" компаниясы - Бишкек-Нарын-Торугарт, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруп жаткан ишкана.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
11.10.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Санта Барбара ишендик калпынарга
11.10.2016. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Нарындын жолу салына элек жатып жамаачы, Кээ бир жери чөгүп кеткен. Долондон түшкөн жер жарылып, "яма" болуп калган. Болбосо канчалаган акча кетип атат.
11.10.2016. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жол эмнеге качествосу жок курулуп жатат канча миллион кетти деп ортодон машина уй жер алып министрлер эле жыргап жатат элге жамаачы жолду мына пожалуйста деп койуп,,контроль жок да и тартип жок чиновниктер онолбосо ким онолот эле уят,,ай уят...
11.10.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чиновниктер учун кундогу болуп жаткан окуя да.Тан калуунун кереги жок.Бирок эч нерсени тоотпой кылып жаткандары ото эле окунучтуу.
11.10.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тартип болбосо эч качан онолбойт мамлекет. Бироону бироо угуш керек. Бироодон бироо коркуш керек. Чондор бир гана жеке жанынан коркушат бироо уруп кетеби бироо атып кетеби деп. Башка нерседен коркушпайт. Эшек жайлоо. кыйналган баягы эле карапайым эл
11.10.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир министирдин жээндери аларды куйоолору асманда жургонун коруп оозум ачылды анда жакын туугандары акчалар каякка кетет десе ушулар ушулардын тууган уруктары жыргашат турбайбы иштин дагы жумшак жерлеринде да ушулар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: