super.kg logo
  Спорт  

Өкмөт Олимпиада алдында спортчуларга убадаланган акчалай сыйлыктарды тапшырды

 

Бүгүн, 11-октябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги "Рио-2016" Олимпиадасында жана Паралимпиадасында алдынкы сегиздикке кирген спортчуларга акчалай сыйлыктарын тапшырды. Анда акчалай сыйлыктар жалпысынан 5 спортчуга, алардын жеке машыктыруучуларына жана башкы машыктыруучуларына каралган.

Акчалай сыйлык төмөнкү спортчуларга тапшырылды:

Спортчу: Арсен Эралиев (грек-рим күрөшүнөн 5-орунду ээлеген) - 1 миллион сом

Жеке машыктыруучусу: Мейрамбек Ахметов - 250 миң сом

Башкы машыктыруучу: Канатбек Бегалиев - 250 миң сом

Спортчу: Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштө 5-орун) - 1 миллион сом

Жеке жана башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков - 500 миң сом

Спортчу: Юрий Краковецкий (дзюдо боюнча 7-орунду ээлеген) - 800 миң сом

Жеке машыктыруучусу: Сергей Мистрюков - 200 миң сом

Башкы машыктыруучу: Абдразак Шаршенов - 200 миң сом

Спортчу: Эсен Калиев (Паралимпиадада пауэрлифтинг боюнча 5-орунду ээлеген) - 1 миллион сом

Жеке жана башкы машыктыруучу: Аднан Жабраилов - 500 миң сом

Спортчу: Жыргал Оросбаев (Паралимпиадада пауэрлифтинг боюнча 6-орунду ээлеген) - 900 миң сом

Жеке машыктыруучусу: Аслан Жабраилов - 225 миң сом

Башкы машыктыруучу: Аднан Жабраилов - 200 миң сом

Кошумчалай кетсек, өкмөттүн 2016-жылдын 1-февралындагы токтомунун негизинде алдынкы сегиздикке кирген спортчулар үчүн акчалай сыйлык каралган. Ээлеген орундар боюнча каралган каражаттар:

1-орун (алтын медаль) - 7 000 000 (жети миллион) сом;

2-орун (күмүш медаль) - 5 000 000 (беш миллион) сом;

3-орун (коло медаль) - 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом;

4-орун - 2 000 000 (эки миллион) сом;

5-орун - 1 000 000 (бир миллион) сом;

6-орун - 900 000 (тогуз жүз миң) сом;

7-орун - 800 000 (сегиз жүз миң) сом;

8-орун - 700 000 (жети жүз миң) сом.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.10.2016. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сыйлыктар кут болсун спортчулар!!! Иззат Артыковко берилбедиби ошондо?
11.10.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ии неге Изатка берилбей калат,аябай жаман болдум быяктале мен
11.10.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Иззат Артыков алчуусун алдыго менимче
11.10.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошо балага да бергиле Изатка
11.10.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экс министр МВД Мелис Турганбаев ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугунда коло медалды,Чынарбек Изабеков алтын медаль утту аларга эмне сыйлык бар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: