super.kg logo

Жалал-Абадда окуучуларга өзүн өзү өлтүрүү жана радикализмдин алдын алуу боюнча түшүндүрмө берилди

 

Жалал-Абад шаарында окуучуларга өзүн өзү өлтүрүү жана радикализмдин алдын алуу боюнча түшүндүрмө берилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда муфтияттан билдиришти.

Маалым болгондой, терроризм жана диний экстремизмдин терс жактарын түшүндүргөн иш-чарада шаардагы 4 мектептин окуучулары катышты. Мында жалпысынан миңден ашуун окуучуга аталган уюмдардын жүргүзгөн идеологиясын кабыл албоого чакырык жасалды.

"Дүйнө таанымы калыптанып келе жаткан өспүрүмдөргө диний түшүнүк берип, радикализм, экстремизм жана терроризмдин алдын алууга, ар кандай башка агымдардан алыс болууга үндөгөн
иш-аракеттер жүргүзүлдү. Аталган иш-чарага ата-энелер, дин кызматкерлери жана укук коргоо органдары катышты",
- деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: