Жалал-Абадда Орусиянын жараны баңгизат менен кармалды
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Орусиянын жараны баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Жалал-Абад облустук патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Патрулдук милициянын кызматкерлери 8-октябрь күнү саат 11:00 чамасында Ош-Бишкек жолунда жол эрежесин бузган КамАЗ 55102 үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаанын жүргүнчүсүнүн шымынын чөнтөгүнөн салмагы 55 граммды түзгөн гашиш баңгизаты табылган.
“Кылмышка шектүү адам 40 жаштагы Э.Б. аттуу Орусиянын жараны экени аныкталган. Учурда тергөө амалы жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.