super.kg logo

"Күйөөсүн жиликтеген" деп айыпталган келиндин иши боюнча соттун өкүмү 14-октябрда чыгат

 

Кечээ, 10-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин кароо улантылды. Соттук кароонун алкагында прокуратура айыпталуучу Айдай Субанованын мүлкүн конфискациялоо менен аны 18 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Ишти карап жаткан Октябрь райондук сотунун судьясынын канцеляриясынан SUPER.KG`ге билдиришкендей, бул иш боюнча сот өкүмдү 14-октябрда чыгарат.

Кечээки соттук отурумдун алкагында прокурордун жардамчысы Жеңиш Нуралиев айыпталып жаткан келиндин күнөөсү толугу менен далилденгенин баса белгилеген. Анын айтымында, тергөө амалдарынын алкагында айыпталуучу Субанова өз күнөөсүн моюнуна алган. Ошондой эле айыпталуучунун берген көрсөтмөлөрү фактылар менен дал келген.

Жабырлануучу тарап, маркумдун бир тууганы Шерлан Оркошев өз сөзүндө сот бир жылдан бери уланып жатканын, айыпталуучу кылганына өкүнбөгөнүн белгилеген. "Мындай адамдар үчүн өлкөдө өлүм жазасы жок экенине өкүнөм, себеби булар кайра эле мамлекеттин эсебинен каралат", - деди ал.

Ал эми айыпталуучунун жактоочусу А.Субанова күйөөсүн өлтүрбөгөнүн айтып, ушул эле ойду айыпталуучу өзү да билдирген болчу.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышты моюнуна алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: