КҮНСЕРЕП: Албек Ибраимов Атамбаевди актайм деп кайрадан соккуга койду
Бүгүн, 11-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Кыргыз мамлекетинин транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров өлкөнүн ири буйрутмаларын аткарып жаткан кытайлык компаниянын Лексус LX 570 үлгүсүндөгү унаасын пайдаланып жүргөнү белгилүү болду. Кытайлык “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” - Бишкек-Нарын-Торугарт жана Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдорун салып жаткан компания. Акыркы 5 жылдын аралыгында бул ишкана мамлекеттик бюджеттен 1,1 миллиард сомдон ашык акча алган. Лексус тууралуу маалыматты аталган министрлик тастыктоого аргасыз болду. Басма сөз кызматынын билдиришинче, министр мырза кытайлыктардын Лексусун келишимдин негизинде колдонуп жүргөн. Кагаз жүзүндө, балким, ошондойдур, бирок... Мамлекеттен миллиарддаган акча алып жаткан компаниянын жол тандабасын транспорт жана жол министри пайдаланып жүргөнү туурабы? Бул маалымат акыркы күндөрү “Өлкө башчысы менен Бишкек мэринин коррупциялык иштерге катыштыгы барбы?” деген күмөндүү ойлорго баш оорутуп жаткан коомчулукта кезектеги талкуулар толкунун жаратты, анткени Замирбек Айдаров аталган министрликке КСДПнын квотасы менен барган. “Министр өлкөдөн миллиарддык тендерлерди утуп жаткан компаниянын кымбат баалуу автоунаасын кандайча колдонуп жүрөт? Бул компания менен министрдин ортосунда жеке кызыкчылыктагы мамиле барбы?” Мындай суроону карапайым эл эле эмес, парламентарийлер да берип жатышат. Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев министрдин өлкөдө ири жолдорду куруп жаткан компаниянын унаасында жүргөнүн сынга алды. Депутаттар фактыны териштирүү учурунда Айдаровду кызматтан убактылуу четтетүүнү өкмөт башчыга сунуш кылышты.
Паракорчулук, кызыкчылыктардын кагылышы, кызматтык абалынан пайдалануу өңдүү кылмыштуу аракеттер мамлекетте абдан тамырлап кеткенине дагы бир ирет күбө болуп жатабыз. Мамлекеттик ири буйрутманын аткаруучусу транспорт министрине минип турууга кымбат баалуу автоунаа карматып койсо да, муну кадимки көрүнүш катары түшүндүрүүгө аракет кылынууда. “Транспорт жана жол министрлигинин башчысынын эл аралык инвестордун машинасын колдонуусунда экономикалык тартип бузуу дагы, кылмыш дагы жок”. Бул окуяга Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат дал ушундай баа берди. Мамлекеттик башкаруунун негиздери тууралуу ар бир колдонмодо коррупция, кызыкчылыктардын кагылышы деген эмне экени кеңири түшүндүрүлөт. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бул түшүнүктөр менен тааныш эмеспи?..
Албек Ибраимовдун эл алдындагы актануусу тескери эффект алып келди. Максим Бакиевге арналып “Дастан” мамлекеттик ишканасынан алынган жер кандайча Алмазбек Атамбаевдин ээлигине барып калганы боюнча Бишкектин шаар башчысы жергиликтүү маалыматтык агенттиктердин бирине кеңири маек берген эле. Бүгүн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын өткөрүп, шаар башчысынын маегин узун-туурасынан жиликтеп, “Ибраимов Атамбаевди актайм деп, тескерисинче, кайрадан соккуга коюп берди” деп жарыялады. Өзүнүн маегинде Албек Ибраимов “Манас” Эл аралык аэропортун жетектеп турганда борттогу тамак-ашты даярдоо боюнча цехти 12 миллион долларга президенттин кат жүзүндөгү уруксаты менен сатып алганын билдирген. Текебаев: “Президенттин аэропортко кандай тиешеси бар? Эмне үчүн президент менен макулдашыш керек? "Президент менен макулдашты" деген сөз, "ал буйрук берди, калганы аткарды" дегенди билдирет. Президент өзүнүн конституциялык укугунда жок нерселерге аралашып, бийликти узурпациялап келгендигин далилдеп жатпайбы? Президентти ошол металлоломду, анын жапжаңысын 3 миллионго курса болот, 12 жарым миллионго сатып алган шектүү операцияга катыштырып коюп жатпайбы?” - деп ойлонууга дагы жем таштады. Бул маалымат согушу тереңдеп бара берсе абал оорлойт. Андыктан президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргыз мамлекетинин социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн белгилүү инсандарды сыйлоо аземинде чукулашууну токтотуп, кечиримдүү болууга чакырды...
Аталган маалымат жыйынында президенттик команданын иши өлкөнүн эл аралык саясатын жүргүзүүдө да катуу аксап жатканы тууралуу сөз болду. Өмүрбек Текебаев жакында Алмазбек Атамбаев Грузия менен Армения өлкөлөрүнө мамлекеттик иш сапары менен барарын сынга алды. “Бул өлкөлөр менен биздин соода-экономикалык катышыбыз кичинекей эле. Жакын арада өсүп кетет деген божомол жок. Ал жакка баруунун максаты эмнеде? Президенттик мөөнөт бүткүчө айылдап, жер кыдыруубу?” Суроолор жөндүү. Арменияга мамлекеттик иш сапарга баруу соода-экономикалык ири алакасы бар кыргыз-түрк мамилесин суутушу мүмкүн. Буга чейин "Күнсерепте" өлкө башчысынын Кипр Республикасын Эгемендүүлүк күнү менен капыстан куттуктагандыгы тууралуу сөз болгон. Түркия мамлекет катары тааныбаган, 1974-жылдан бери конфликтте келе жаткан бул өлкөнү мамлекет катары таанып, куттуктоо кыргыз-түрк мамилесине көлөкөсүн түшүрбөй койбосу анык. “Ата Мекендин” лидери Арменияга сапарда дагы ушундай коркунуч бар экенин эскертти.
Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатын жүргүзүүчү топтун иши жайында эместигин далилдеген дагы бир окуя болуп өттү. Бүгүн Тышкы иштер министрлиги АКШнын жана Улуу Британиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилерин “сүйлөшүүгө” чакырды. Эске салсак, бул эки элчилик Кыргыз мамлекетинде октябрь айында теракттар болушу мүмкүн экенин айтып, өз жарандарын сак болууга чакырышкан. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматтан көрүнүп тургандай, министрлик элчилерди “мындан ары маалымат бөлүшө жүргүлө, терроризм менен чогуу күрөшөлү” деп суранып узатты. Кечээ Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаков “АКШ элчилиги биз менен кеңешпей туруп теракттар күтүлүп жаткандыгы тууралуу жарыяны чыгарып жиберишти” деп таң калган эле. Элчиликтин жарыясы эмес, коомчулукту чиновниктин бул билдирүүсү таң калтырды. Аталган элчиликтер өз милдеттерин аткарып, башка өлкөдөгү өз жарандарынын коопсуздугуна кам көрүп жатышпайбы...
кошулду



