super.kg logo

Ошто кызганычтан улам 24 жаштагы кызды бычактаган жаран 8 жылга эркинен ажыратылды

 

Ошто кызганычтан улам 24 жаштагы кызды бычактаган жаран 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 19-апрель күнү саат 13:00 чамасында Ош шаарындагы А.Навои атындагы эс алуу багында болгон. Анда 1992-жылы туулган К.П. аттуу кыз С.К. аттуу жигити менен отурганда 29 жаштагы Ж.Саматов келип, кызга бир нече жолу бычак сайган. Натыйжада К.П. денесинен оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми жанындагы жигит качып кетүүгө үлгүргөн. Кылмышка шектүү катары Ж.Саматов кармалып, кылмыш иши козголгон.

Аталган иш 5-август күнү Ош шаардык сотунда каралган. Отурумда жабырлануучу К.П. соттолуучунун үй-бүлөлүк абалын эске алуу менен тосмо арыз жазып бергенин айтып, мындан улам ага жеңил жаза берүүнү суранган. Ал эми Ж.Саматов мындай ишке кызганычтан улам барганын, учурда өкүнүп жатканын билдирген.

Соттук коллегия жабырлануучунун жазып берген тосмо арызын жеңилдетүүчү жагдай катары эске алып, Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, Ж.Саматов 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөй турганы белгиленген. Бул чечимге макул болбогон айыпталуучу Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Облустук сот ишти 5-октябрда карап, шаардык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
12.10.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
сегиз жылга элеби.кытайда адам олтургон олум жазасын алатко а бизде жок дегенде 20 жыл бербейби.омур боюга кесилбесе да.бул кан ичкир 8эле жылдан кийин чыгып дагы бир байкушту шорлотот.
12.10.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chon.alai.,өлбөптүр да кыз. Өзү тосмо арыз жазып бериптир ошол кыз
12.10.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Апрельдеги окуя Эми чыгып жатабы дейм...
12.10.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура кылат бул кыздын эрки ким менен сулошот ким менен алып койгон аялы болсо да мындай кылганы акысы жок эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: