super.kg logo

Сүлүктү шаарында 127 миң тонна көмүр казылып алынды

 

Сүлүктү шаарында 127 миң тонна көмүр казылып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сүлүктү шаарында 30дан ашуун көмүр шахталары катталган. Анын ичинен бүгүнкү күндө 29 шахта толук кандуу иш жүргүзүп жатат. 2016-жылдагы кышка карата план боюнча 150 миң тонна көмүр казуу пландалса, учурда 127 миң тонна көмүр казылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарындагы шахталарда 3500дөн ашуун адам иштейт. Шахтада Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги койгон көмүрдүн баасы сапатына жараша 2200 сомдон 6000 сомго чейин болууда.

Эске салсак, Баткен шаарында 3, Кадамжай районунда 1 көмүр шахтасы иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: