super.kg logo

"Аялымдын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу бул аптада табылбаса, прокуратура жана башка мекемелерге арыз жазам" дейт маркумдун күйөөсү

 

"Аялымдын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу бул аптада табылбаса, прокуратура жана башка тиешелүү мекемелерге арыз менен кайрылам". Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда SUPER.KG порталына жол кырсыгынан каза тапкан жаш келиндин жолдошу Айбек Нуранов билдирди.

"Каргашалуу окуя болуп, жубайым Жанарадан айрылганымдан бери 3 жума өттү. Кылмышка шектүү Рустам Жалиловду издөө иштери учурда да уланып жатат. Ишти карап жаткан кызматкерлер ал табылат деп убадалашкан. Алардын айтымында, эң узак дегенде бир ай аралыгында табылат экен. Эгер кылмышка шектүү бул жумада табылбаса, мен прокуратура жана башка тиешелүү мекемелерге арыз менен кайрылууну көздөп жатам. Менин оюм боюнча, бул жерде акча роль ойнобосо, кылмышка шектүү табылышы керек. Ал эми акча аралашкан болсо, анда кылмышка шектүү документтерин жасатып Казакстандан деле чыгып кетиши мүмкүн да", - дейт маркумдун жолдошу.

Анын айтымында, учурда энесиз калган 2 жаштагы жана 3 айлык кыздарын кайненеси кароодо.

Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 17:30 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас унаасын башкарган Р.Жалилов аттуу айдоочу жолдо 2 баласы менен кетип бараткан 23 жаштагы келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Оор жаракаттарды алган жаш эне ооруканага жетпей каза тапкан. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Кылмышка шектүү ал жерден да кетип, 22-сентябрга караган түнү Казакстанга өтүп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
12.10.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушул суротту коргон сайын бобокторго боорум ооруп. ыйлап алам.3 айлык бобок эмгиси келип ыйлап аткандыр.Эртерээк кармалып,жазасын алса экен ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-10-12 15:13:08
12.10.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
ainur78007, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
12.10.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менин дагы козумо жаш келип кетти. Бобокторго боорум ооруп жатат, тиги ХХХ кармашып омур бою эркинен ажыратышса экен. :(
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-13 11:07:36
13.10.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
zahira, этика нормаларын сактаңыз!
12.10.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ииии менда ыйлагым келип кетти 3 айлык бала бечара эмгиси келип, апасын билбей калат экенда
12.10.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш балдар бешенесине ушул нерсе жазылган экен да.((
12.10.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Органдагылар акылынар ыйманынар болсо алчусун алып култуйуп отуруп калбай эки кичине наристени жетим калтырган ХХХ кармап жазасын бергиле.Негизиле ушу ичип алып айдагандары айдоочулук укуктан ажыратып салса туура болот боодо бироолорду кырсыка учуратпай.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-13 11:19:35
13.10.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Arlenchik, этика нормаларын сактаңыз!
12.10.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арман деп ушуну айт.Наристе энесиз калды.Апасы кызын остуруп турмушка узатып небере кутуп бирок кызынан айрылды.эмне деген шумдук.журогум эзилип кетти.
13.10.2016. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жол тандабас машинасы мн сузгонго караганда акчасы бар немего биздикилердин оозун жакшы эле жаап коюптур,эгер ушул тико болгондо Казахстанга кетмек турсун шаг жылдырбай кармап калат эле
13.10.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылып калат деп кутпой сразу кайрылчу жерлерге кайрылбайбы?!Кудай жазасын берсин ошол ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-13 17:09:09
13.10.2016. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervamyn, этика нормаларын сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: