super.kg logo

Кудайберген Базарбаев анын ордуна келчү жаңы министрге элге жакыныраак болууга кеңеш берди

 

Кудайберген Базарбаев эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан аны бошотууга негиз жок болгонун журналисттерге билдирди.

"Мен өз каалоом менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазгам. Мени эч ким мажбурлаган жок, эч кимге дооматым жок. Биздин коомдо жетекчилерди кээ бир кемчиликтери үчүн кызматтан бошотуу, менин оюмча, туура эмес салт болуп калды", - деди ал.

Мындан тышкары Базарбаев анын ордуна келчү жаңы министрге элге жакыныраак болууга, адамдардын көйгөйлөрүн билүүгө жана алар менен көбүрөөк жолугууга кеңеш берди.

Ошондой эле экс-министр эми эмне менен алектенери тууралуу ой бөлүштү. "Мен саясий илимдеринин кандидатымын. Буга чейин КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында сабак берчүмүн. Бир аз эс алып, бул жогорку окуу жайга барсам дейм. Мындан тышкары эл аралык тармакта иштөөнү караштырам, анткени англис, француз жана немис тилдеринде сүйлөй алам", - деди Базарбаев.

Айта кетсек, Кудайберген Базарбаев Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен 2013-жылдан бери жетектеп келген. Аны кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 11-октябрда кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.10.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кеткениң чын болсун карупциялык иштерге тиешеси бар ошон учун өз арызыны жазып кет дегенин да жазсаң болмок ордуңа түзүгүрөөк адам келсе экен деп тилейбиз!
12.10.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соц төлөмдөрдү жөнү жок көтөрүп элди кыйнап жондорунан кайыш тилбей көлөмүн азайтсын!!! Калп эле элге жакын болсун деп рисовка кылбай эл үчүн реалдуу иштегенди үйрөнсөңөр боло!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: