super.kg logo

Бишкектеги Москва жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа сүзүшүп, жол тыгыны пайда болду

 

Бүгүн, 12-октябрда Бишкектин Москва жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota жана Mazda үлгүсүндөгү эки жеңил унаа сүзүшүп, жол тыгыны пайда болду. Сүзүшкөн унаалар анчалык чоң зыянга учураган эмес, бирок эки айдоочу келише албай, жолдун ортосунда жол тыгынын жаратышты. Троллейбустар токко улануучу зымын чыгарып, башка линия аркылуу тыгындан өтүүгө аргасыз болушту.

Жол тыгыны учурунда №4-каттамдагы 1721 номурлуу троллейбустун жардамчысы унаанын ичинде уят сөздөр менен кыйкырып, "жолду бошот" деп сөгүнүп жатты.

Мындай кырдаалдын пайда болушуна троллейбустун жолу менен бараткан Toyota үлгүсүндөгү унаа себепчи болгон. Ал Тыныстанов көчөсү менен түндүктү көздөй бараткан Mazda унаасынын жолуна чыгып кеткен. Жол тыгынын жоюуга Mazda унаасынын айдоочусу макул болбой: "Азыр машиналарды четке алып койсо, Toyota машинасынын ээси күнөө менде эмес деп танып кетиши мүмкүн. Мен анда жабыркап, унаамды оңдото албай калышым ыктымал. Ошондуктан Патрулдук милиция келгенче ушундай абалда турсун", - деп кыйкырып жатты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: