super.kg logo

"Кочкор-Ата шаарында дарыгер Темирбек Саякбаев оорулууларга кайдыгер мамиле жасап жатат" дешет активисттер

 

Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарынын аймактык ооруканасындагы хирургия бөлүмүнүн башчысы Темирбек Саякбаевди дарыгерлик кызматтан алып, жазага тартыш керек. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда маалымат жыйынында "Адилет-Юг" коомдук бирикмесинин төрайымы, укук коргоочу Айгүл Нуркамилова билдирди.

"Биз Бишкек шаарына адилеттик издеп келдик. Кочкор-Ата шаарынын аймактык ооруканасындагы хирургия бөлүмүнүн башчысы Темирбек Саякбаев оорулууларга кайдыгер мамиле жасайт. Ал адамдын шалаакылыгынан адамдар жабыркап жатат. Ал киши өзү пенсия жашындагы адам. Жемкорлукка малынып калды. Келген бейтаптар ал адамдан шыпаа таппай жатышат. Аны кызматтан алып, жазалаш керек", - деди укук коргоочу.

Жогорудагы айыптоолордон кийин Кочкор-Ата шаарынын аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Темирбек Саякбаевге байланыштык. Ал өз сөзүндө: "Бул айыптоолордун баары калп. Мен медицина тармагында 42 жылдан бери иштеймин. Жемкорлукка малынды дегени да чындыкка дал келбейт. Менин акча сураганым жөнүндө далилдери жок. Ал эми Санобар Жалалованын баласы 5 метр бийиктиктен кулаган. Анын башында кан куюлуп кеткен. Биз Жалал-Абад шаарынан нейрохирургдарды жардамга чакырганбыз. Тилекке каршы, бала жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калды. Кийин Санобар Жалалова "дарыгерлердин күнөөсү жок" деп жазып берип, баланы ооруканадан чыгарып кеткен", - деп билдирди.

Маалыматка ылайык, "Адилет-Юг" коомдук бирикмесине Кочкор-Ата шаарынын аймактык ооруканасындагы хирургия бөлүмүнүн башчысы Темирбек Саякбаевге нааразыланып Санобар Жалалова, Жеңиш Токтоболотов, Асылбүбү Арыкова кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
12.10.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн туура бир досум апедис болуп барганда 5мин бересин анан аперация кылам деп койгон акчаны атасы апаргыча карабай койгон экен анан озу буларга тушкулук кылбасын
12.10.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен озум ошол шаардан болом.Менин досума борьбада бироонун буту бетине тийип кетип больницага алып барсак бул Саякбаев акча бермейинче карабайм деп туруп алган. Кудайдан коркпогон адам экен. Чындыкбардыр бул мал доктурга.
12.10.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ кудай тооба кайсы бети менен калп дейт? эл билет да кандай экенин! Ким ишенбесе Кочкор-Атага келип даарыланып корсун, операция га эмес жон эле боорун ооруп баргын 5000 сурайт.Ким келсе аппендицит дер диагноз койо берет.
12.10.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан бир кучтуу бийлик келип ушуга окшогон коррупциянерлерден кутулар экенбиз,эки уч активистин колунан келбейт бул иш.Тамырлашып кеткен кан соргучтар да булар
12.10.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саякбаев пара алышы туура. Бирок анын тааныштары кучтуу болгондуктан озу айткандай 42 жылдан бери иштеп журот. Хирургияга жаны жаш специалисттер келсе озунун местасын алдырып коюштан коркуп, ишке албай, алсада кийинчерээк башка жака которуп таштайт. Мындай окуя буга чейин да болгон тааныштарынын кучтуулугунон иштеп журот. Кочкор Кочкор-Атанын баары билет мунун мал доктур экенин.
13.10.2016. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2012-жылы иним таяк жеп балдардан Саякбаевке алып барсам коридордон эле перелом нос сотрисение мозг 2-палатага апарып жаткырып койгула дейт. Кармапда корбогон. Ким жооп берет деди эле мен десем 7мин деди алдастап чыгып эле эжеме чалдым акчаны алып келе кал деп. Акча алып келгиче ага кошуп пастельное белье алып келгиче карапда коюшбады акчаны берип чыксам жакшына кылып жаткырып глюкоза сайып коюптур капельница. Чыккыча больницадан иниме Саякбаевдин колу тийбептир. 2014-жылы жолдошум кунго буту
13.10.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйуп ыссык колдон уйго барганда Саякбаевке барсак Ошко ожоговый больницага баргыла деди Ошко бул кебетеси менен жетбейт эртен кеч Москвага учат десек кабинетине алып кирип алып 1000с алыптыр перевязка эле кылып беришти башка эч нерсе кылбады. Бир акемин кызы апендицит болгондо 8000сурап таап баргыча карабай апендицити жарылып кетип олуп калайын деп операциядан кийин реанимацияда жаткан. Саякбаев адамдарды малдай корот. Кочкор атанын больницасын менчиктеп алган. Мурат акеден тузук врач деле жок.
13.10.2016. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карыганда адамдардын сыйын коруп жашабай жаман атты болуп атын булганса кандай жаман.чала болот.
13.10.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер ушул врачтан жапа чеккедер болсо эмнеге ФОМС же прокуратурага кайрылбайсынар.сотканы барыбыз которобуз.технично видеого тарткыла акча сураганын.42 жылдан бери озунор кондурупсунор да бул жарыктык кишини
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: