super.kg logo

Башкы ветеринар: "Эшектердин Кытайга кетип жатканы - экспорт, биз аны колдошубуз керек"

 
Алай районунун Мурдаш айылында кулактарына бирка басылып, камалып турган эшектер.
Алай районунун Кыркол айылында тартылган сүрөт.
Жалал-Абад облусунун аймагында тартылган сүрөт.
Аксы районунун Жылгын айылында тартылган сүрөт.
Ат-Башы районунун Казыбек айылында тартылган сүрөт.

Акыркы айларда эшектерди өлтүрүп, терисин сыйрып кеткен фактылар өлкө аймагында көп катталууда. Ушундай эле мазмундагы билдирүүлөр "СОҢКУ КАБАРга" WhatsApp аркылуу байма-бай келет. Алсак, кечээ, 11-октябрда Ат-Башы районунун тургуну “Казыбек айылында белгисиз адамдар эшектерди өлтүрүп, терисин сыйрып кетишти” деп билдирүү калтырган.

Мындай фактылардын көп катталып жатканын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов да SUPER.KG порталына тастыктап: “Союлуп, териси сыйрылган эшектер көрүнгөн жерде жатат. Биздин ветеринардык адистер мал дарылабай эле, союлган эшектерди ар кайсы жерден тазалап калышты”, - деди.

Албетте, мындай нерсе кооптонууну жаратпай койбойт. Эшектерди уурдап союп, терисин сыйрып кетип жаткандарга кандайдыр бир чара көрүлүшү керек, бирок көпчүлүк эшектерин уурдаткан жарандар милицияга кайрылуудан тартынышат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, ушул убакка чейин облус аймагынан бир да жаран "эшегимди уурдап кетти" деген арыз менен кайрылган эмес. “Эшегим жоголду" деп эч ким арыз менен кайрыла элек, бирок "эшектерди союп, терисин сыйрып кетишиптир" деген чалуулар көп эле болот. Аларды биз “жаныбарларга мыкаачылык менен мамиле кылуу” деп каттап жатабыз. Эгер арыз жазылса, тиешелүү иликтөө иштери жүрөт”.

Албетте, "Уурдалган эшектер же сыйрылган терилер кайда барат?" деген суроо жаралбай койбойт. Буга чейин Алай районунун Мурдаш айылында 300гө жакын эшектин камалып турганын окурман SUPER.KG порталына билдирип, кооптонуп жатканын айткан. Буга жооп катары район акими Илияз Ташкулов эшектердин Кытайга кетерин, кооптонууга негиз жок экенин билдирген. Ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумакановдун айтымында, эшектерди Кытайга тирүүлөй алып өтүү боюнча эки ишканага лицензия берилген.

Лицензия ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык берилет, бирок бул лицензияда эшектерди өлкө аймагында союуга уруксат берген пункт жок. Эки ишкана Кытайга эшектерди тирүүлөй алып өтүшү керек. Алардын аталган өлкө менен болгон макулдашуу, соода-сатык келишимдери бар. Союлбай, тирүү кетип калсын деп жатабыз. Союлуп көрүнгөн жерде жатат. Шылуундардын колуна тийсе, дароо кафелерге чыгат же талаада жата берсе түрдүү жугуштуу оорулардын жаралышына алып келет. Ушуга жол бербешибиз керек. Бизде эшектерди соё турган атайын жай жок. Мындан улам биз ошондой жолго барганбыз. Кытайда эшектин териси аябай баалуу экен. Аталган өлкөнүн Карантин жана коммерция боюнча мамлекеттик органы бар, алар келип экспорттук-импорттук операцияларга уруксат берсеңер деп суранып кетишкен. Ал экспорт да, биз аны колдошубуз керек”, - дейт Жумаканов.

Мындай билдирүүдөн соң "Өлкөнүн ар аймагында байма-бай катталып жаткан, массалык түрдө териси сыйрылып, өлтүрүлгөн эшектер чуусу кимдердин колунан келиши мүмкүн?" деген суроо жаралды. Мындай суроого: "Эшектин терисин чек арадан башка өлкөгө алып өтүүгө эч кимге уруксат жок. Балким, айрым жарандар чет өлкөдө эшектин териси кымбат дегенди угуп алып, аткезчилик жолу менен эшектердин терисин алып чыгып жатышы мүмкүн. Бул нерсе мыйзамсыз. Тиешелүү органдар мындай иш-аракеттерди аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартышы керек", - деп жооп берди Калысбек Жумаканов.

Бирок өлкөнүн башкы ветеринары ушул убакка чейин канча эшек өлкөдөн чыгарылганын, аталган эки ишкана кимге таандык экенин айткан жок.

Айрым маалыматтарга караганда, ушул кезге чейин Кытайга 3000ге жакын эшек чыгарылган. Дагы бир канчасына кандын анализинин жыйынтыгы чыга элек. Кытайга алып кирерден мурун эшектердин каны алынып, кулактарына бирка басылат, себеби ал жакта эшектин эти азык-түлүк катары колдонулса, териси дары чыгарууга керектелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
13.10.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
этин азык-тулук катары пайдаланышса, терисинен кандай дары жасайт экен ? Кызык...
13.10.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rejepova, Терисинен элдик медицинанын негизинде жасалган дары кытайларда картаюуну алдын-алып, жаштыкты узартуучу каражат катары пайдаланылат экен. копчулук кардарлары аялдар экен. Эшек терисинен ширеси алынып ошондон жасалат дейт. шоколад да кошулат имиш.
13.10.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошолор айланып олтуруп кайра эле бизге келет.
13.10.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин эшектерин уурдап экспорт кылышат экен да анда
13.10.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Деги эле мусулман олкосундо эшек экспорттогон олко барбы деги, соз экен деп айта боло берет экен да, ушул боюнча дуйного атыбыз чыкпаса болду, эшектен башканы эле экспортто ветеринар байке!!!!! Эшектин этин экспорттойт деп баша эттерибизге да зыяны тийбесин!
Arslan12 түзөттү 2016-10-13 12:13:14
13.10.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колдогула эшек бизнести.Неге дегенде биздин чон соройлор эшек болуп атышпайбы
13.10.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башкы ветеринардын айтканы ушул болсо бутуппуз...
14.10.2016. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эшек атка конобуз аз кундоо
14.10.2016. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кой 200мин кридит алайын да баарына эшек алып коёоюун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: