super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-ОКТЯБРЬ: 134 жыл мурун кыргыз элинин улуу комузчусу Карамолдо Орозов туулган

 

1882-жылы 13-октябрда улуу комузчу, композитор, Кыргыз Эл артисти Карамолдо Орозов Ысык-Көл районунун Корумду айылында туулган. Ал 9-10 жашынан эле комузда ойноп, ар кандай күүлөрдү черте баштаган. Карамолдо Орозовдун өз аты - Токтомамбет. Ал айылдык диний мектептен билим алган, ошондон улам молдо аталган. Өзү кара тору жигит болгондуктан, аны Карамолдо деп коюшкан. Кийин ал белгилүү кыякчы жана комузчу Мураталы Күрөңкеевден таалим алган.

1928-жылы элдик өнөрпоздор менен бирге Фрунзеге (азыркы Бишкек шаарына) чакыртылган. Ошондо Карамолдонун 30дай күүсүн А.В.Затаевич нотага түшүргөн. Ал алгач Кыргыз музыкалык драма театрынын, анан Кыргыз филармониясынын артисти болуп эмгектенген. 1939-жылы СССР Композиторлор союзуна мүчө болгон.
Карамолдо Орозовдун элдин өткөндөгү турмушун баяндаган "Сынган бугу", "Көкөй кести", "Чоң кербез", ошондой эле философиялык мазмундагы "Насыйкат", "Ибарат" күүлөрү эл арасында кеңири чертилет. Анын күүлөрү кыргыз музыкасынын классикалык музыкаларынан болуп саналат.
13-октябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: