super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Максим Бакиев бийликтин кайсы алсыз жерин тапты?

 

Бүгүн, 13-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Улуу Британиянын Лондон сотунда качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин кызыкчылыгын коргогон "Хикман энд Роуз" юридикалык компаниясы “кыргыз тарап Максим Бакиевге каршы жазган доо арызын кайтарып алды” деген билдирүү таратты. Адатта Бакиевдерге тийиштүү жаңы маалыматтар коомчулуктун кызыгуусун арттырып, ага карата көпчүлүк бийликтин реакциясын күтөт. Бул жолу да өкмөттүн эмне деп көңүл жубатарлык билдирүү жасаарын күттү. Британиялык тараптын маалыматы тарагандан 1 суткадан кийин кыргыз өкмөтү жооп кайтарып, коркунучтуу эч нерсе жок экенин түшүндүргөн болду. Эмне дейт? “Ишти токтотуу жөнүндө билдирме Кыргыз Республикасынын Максим Бакиев боюнча доо арызына залалы тийбегидей болуп берилген. Айрым процессуалдык жагдайлар такталса, иш улантылат. Максим Бакиевге карата доо арызды артка кайтарып алуу - анын соттогу жеңиши эмес”. Эл аралык ММКларга жарыяланган маалыматтарга таянсак, Максим Бакиев жөнөкөйлөтүлгөн тартипте соттук териштирүү тууралуу өтүнүч келтирүүгө даяр экенин билдиргенден кийин кыргыз тарап доо арызын кайтарып алган. Юристтер ушундай маалымат беришкени айтылат. "Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте сот өндүрүшү" деген термин "айыпталган тарапта өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөөгө талашсыз далили бар" дегенди түшүндүрөт. Максим Бакиевдин соттогу өкүлүнүн "Фергана" басылмасына берген маалыматына таянсак, качкын президенттин уулу Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууга документ даярдап жатат. Кыргыз өкмөтү эмнеден чочулап жатканы азырынча белгисиз. Бакиевдин соттогу билдирүүсү кыргыз бийлигинин кайсы алсыз жерине тийди?

Кыргыз өкмөтү Лондондо Бакиевди 20 миллион фунт стерлинг (1 миллиард 697 миллион 420 миң сом) суммасындагы каражат уурдаган деп айыптап келет. Аны соттон далилдөөгө чамасы жетер-жетпесин убакыт көрсөтөт. Азыркы кырдаал Лондон сотунда Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоо аксап, Максим Бакиевди жактаган британиялык юридикалык компания артыкчылык кылып жатканынан кабар бергенсийт. Анын үстүнө соттошуу процессине аз эмес каражат жумшалат, акчанын тартыштыгы себеп болуп жатабы? Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бюджеттен миллиондор жумшалды, казынанын эңшериле түшкөнүнүн кесепети болушу да мүмкүн. Ошентип, кыргыз өкмөтү соттон утуп чыгып, "Максим Бакиев уурдады" делген 1,6 миллиард сомду казынага кайтара алары күмөн жаратты. Бакиев өзү: "Мен Улуу Британияга 2010-жылы атамдын бийлигине каршы аскердик төңкөрүштөн кийин келгем. Ошондон бери Кыргыз Республикасындагы жаңы бийликтин саясий өч алуусунун курмандыгымын", - дейт. Максим Бакиевдин үстүнөн берилген доо арыздын кайтарылып алынганын быйыл жазында депутат Эльвира Сурабалдиева айтып чыгып, бирок өкмөт маалыматты четке каккан эле. Айтор, кыргыз өкмөтү жүдөп жатат...

Айтылгандай эле президент Алмазбек Атамбаев Грузияда расмий иш сапары менен жүрөт. Андан ары Арменияга жөнөмөкчү. Президентибиз кандай максатты көздөп бул эки мамлекетке сапар алды? Грузия кыргызстандыктарга 2004-жылдан тарта өлкөдө коррупция менен күрөшүү, укук коргоо тармактарында ийгиликтүү ишке ашкан реформалары менен таанымал. Ал кезде өлкөбүздө мындай реформаларды ишке ашырууга ниеттенген депутаттар жана активисттер да болгон, бирок мындан майнап чыккан эмес. Кыргыз мамлекетинде Грузиядагыдай реформалар ишке ашып кеткен жок. Ошол эле “Коопсуз шаар” долбоорунун тегерегинде чыр-чатактар токтобой, анын жакын арада ишке ашарына эч кимдин көзү жетпей турат. Кыргыз Республикасы менен Грузиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын көрсөткүчтөрү да укмуш эмес. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2015-жылы эки өлкөнүн ортосунда соода алмашуунун көлөмү 5,6 миллион долларды түзгөн. Салыштырсак, былтыр Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 1 миллиард 46,9 миллион доллар суммасында товар алмашуу болгон, Өзбекстан менен бул көрсөткүч 156,5 миллион долларды түзгөн. Армения тууралуу сөз кылсак, бул өлкө биз үчүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги өнөктөш. Армения менен бир жылдык соода алмашуунун көлөмү 1 миллион долларга да жетпейт. Ошондуктан "Атамбаев Грузия менен Арменияга саясий маселелерди чечүүгө барды" деген ой жаралышы мүмкүн. Бул ракурстан карасак, 2008-жылы Грузия Орусия менен согушуп кете жаздаган, Москва менен мамилеси начар. Армения болсо Орусия менен жылуу мамиледе, чечимдерди Москваны байкап кабыл алып турат. Демек, Грузия менен Армения саясий багыттары эки башка мамлекет. Балким, Өмүрбек Текебаев жоромолдогондой, Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткүчө айылдап, жер кыдырып жүрөт чыгар. Же башка версия: Атамбаевдин командасы “өлкө башчыбыз чет өлкөлөрдөн ири инвестицияларды тартып жүрөт” деп улам шефи менен мактанып турушат. Бүгүн Жогорку Кеңеште мамлекеттик карыздын көлөмү 6 миллиард долларга жакындаганы айтылды. Же карызга батсак биротоло баталы деп, президент карыз суроо менен убарабы?..


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: