super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Оштун тургундары Масалиев кең көчөсүндө бала бакчанын жанында "лежачий полицейский" коюуну суранышууда

 

Ош шаарынын Масалиев кең көчөсүндө "Топ жылдыз" №10-бала бакчасына кире бериштеги "зебранын" алдына адамдардын коопсуздугу үчүн орнотулган жасалма дөңчөлөрдү ("лежачий полицейский") коюу керек. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

"Балдардын ата-энелери, бала бакчанын жетекчилиги канча жолу кайрылса да, же мэрия, же МАИ унчукпай жатат. Бул жолдун эки жагында тең унаа агымы бир тараптуу болгондуктан, көп "шумахерлер" жогорку ылдамдыкта жүрүшөт. Жаш балдар эле эмес, чоңдор деле чалынып жыгылып, чуркап өтүшөт", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.10.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштун баарын эле басып кетти го ушу лежачийинер..Кенгуру эле минет окшойбуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: