Нарында үйлөрдүн бирине кирип, жашы жете элек кыздарды бычак менен коркутуу аркылуу 30 миң сом алып кеткен жаран кармалды
Нарында үйлөрдүн бирине кирип, жашы жете элек кыздарды бычак менен коркутуу аркылуу 30 миң сом алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-октябрдан 13-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Жумгал районуна караштуу Чаек айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз жаран кирип, уктап жаткан 15 жана 10 жаштагы кыздарды бычак менен коркутуп, уюлдук телефон жана 30 миң сом акчаны алып кеткен.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 1966-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.