super.kg logo
  Саясат  

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия жабык эшик артында жыйын өткөрүүдө

 
Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушу жана мамлекеттен чыгып кетүү фактысын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия жабык эшик артында жыйын өткөрүүдө. Ага КРнын Коопсуздук жана коргоо боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атаханов чакырылган. Эске сала кетсек, оор кылмыштары үчүн 2006-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 9-апрелде Нарын шаардык сотунун чечими менен абактан бошотулуп, ошол эле күнү түндө чартердик каттам менен Кыргызстандан Грозный шаарына учуп кеткен. Ал буга чейин Нарын шаарындагы №4-СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп келген.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: