super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Актёр Азиз Мурадиллаевдин жердештери кайрымдуулук концертине колдоо көрсөтүшүүдө

 

Актёр Азиз Мурадиллаевдин жердештери 25-октябрда өтүүчү кайрымдуулук концертине колдоо көрсөтүп каражат чогултушууда. Мындай маалыматты бүгүн, 13-октябрда окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG`ге билдирген.

"Актёрдун кичи мекени Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагындагы жердештери кайрымдуулук концертинин өтүшүнө салым кошуп жатышат. Мурадиллаевдин Бишкекте жашаган миңден ашуун айылдаштары атайын жолугушуу уюштуруп, анын ден соолугуна кам көрүү максатында каражат чогултуп, 1000 сомдон 80 билет сатып алышты", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары актёрго жардам катарында бир күндүк айлык акыларын которуп бермей болушкан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.10.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Президенттин фондунан да 500 миң сом бөлүндү.
13.10.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах ыраазы болсун жардам бергендерге, Аллахым шыпаасын берип айыгып кетсин биздин сыймыктанган актёр.
17.10.2016. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кудайым дартты берсе, дабаасы мн берет" деп коет, андыктан сакайып кетээр умутубуз чон!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: