super.kg logo
  Спорт  

"Лестер" футболдук клубу, Криштиану Роналду жана Петр Чех "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди

 

Англиянын учурдагы чемпиону "Лестер" футболдук клубу, футболчу Криштиану Роналду жана дарбазачы Петр Чех "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, "Лестер" өткөн жылы өз тарыхында алгачкы жолу Англия Премьер-Лигасында чемпион аталган. Ага чейинки сезондо клуб лигада 14-орунду ээлеген. Күтүлбөгөн убакытта клубдун чемпион болгону анын ысымынын рекорд катары катталуусуна жол ачкан.

Криштиану Роналдунун рекорддор китебине атын жазуусуна анын Твиттердеги өздүк баракчасына катталгандардын саны көп экени себеп болгон. 7-октябрга карата көрсөткүч боюнча, футболчунун социалдык тармактагы өздүк баракчасын 47 миллион 262 909 адам окуйт.

Ал эми лондондук "Арсеналдын" чехиялык дарбазачысы Петр Чех дарбазасын көп оюнда "кургак" сактаганы менен жаңы рекорд койду. Ал Англия Премьер-Лигасында 181 оюнда атаандаштардын гол киргизүүсүнүн алдын алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
13.10.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: