Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген жаран кармалды
Кыргыз-казак чек арасынан өлкөдөн чыгууга тыюу салынган жаран кармалды. 13-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 12-октябрь күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү бекетинин аймагынан чек ара режимин бузган 1979-жылы туулган С.Т. кармалган. Аталган жаран буга чейин соттун милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн өлкөдөн чыгууга чектөө коюлганы аныкталган. Ушул себептен улам ал тууганынын паспорту менен Казакстанга кетүүгө ниеттенгени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, чек ара режимин бузган жаран ИИМдин аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.