super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Бир сен үчүн" клибин тартууда тойго барарымды унутуп калып, Бишкекке келе бергем" дейт Асел Касымова

 

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү ырчы Асел Касымованын "Бир сен үчүн" ырынын клибине карата колдонуучулар тарабынан көптөгөн сындар айтылган. Ал эми ырчы бул тууралуу "өз ишин жакшы билген адамдардын сындарын кабыл алам, угам, ал эми башкалардын сөздөрүнө көңүл бурбайм" дейт.

"Клиптин идеясы Эрнист Сыдыковго таандык. Бишкек шаарында бир жумада тартылган. Тартуу учурунда көп кыйынчылыктар деле жаралган жок. Күн суук болгондуктан үшүгөнүбүз, окшош көз айнектерди таба албай көпкө издегенибиз эсибизде калды. Кызыгы, ошол учурда оюмдун баары клип болуп, тойго барышым керек экенин унутуп, түнү менен Оштон Бишкекке келе бериптирмин. Эртеси мага телефон чалып эскертип калышты. Анан эртең менен кайра Ошко билет алып, учуп кетүүгө туура келген", - дейт А.Касымова.

Күйөрмандарынын сын-пикирлери тууралуу буларга токтолду:

"Кыргыздын эле көйнөктөрүн кийбейби..." деген сыяктуу сөздөр көп айтылды. Атайын клиптин идеясына жараша формалар тандалып алынгандыктан, андай көйнөктөрдү кийип чыга албайт элем. Болгону өзүмө жаккан нерсени жасадым. Ар бир адам өзүнө жаккан нерсени жасайт. Анан башка бирөө да сен ойлогондой, сага жаккандай кийиниши керек деген туура эмес".

Асел Касымованын "Бир сен үчүн" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.10.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Клип соонун чыкан азаматсын Асель
13.10.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул асел эжеден да интервью алыныздарчы
13.10.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силерди угуп коруп жаткан элдерге рахмат айткыла!! өз ишин жакшы билген адамдардын сындарын кабыл алам, угам, ал эми башкалардын сөздөрүнө көңүл бурбайм" мдааа..
13.10.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай полуголая кыздар жагат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: