super.kg logo

Табыптын дарылоосунан кийин каза тапкан 6 жашар бала эгиздин түгөйү болгон

 

Бишкекте табыптын дарылоосунан кийин каза тапкан 6 жашар баланын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси экспертизанын жыйынтыгы чыккан соң каралат. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон 6 жашар бала псориаз оорусу менен жабыркачу. Баланын ата-энеси 80 жаштагы табыпка жардам сурап кайрылышкан. Табып баланы дарылагандан кийин анын абалы оорлошуп, ал Шаардык №3-балдар ооруканасына түшүп, кийин каза болуп калган.

"Табып баланы көк таш менен дарылагандан кийин баланын абалы оорлошуп, ал ооруканага түшкөн. Ооруканага бала оор абалда келген, дарыгерлер көрсөткөн медициналык жардамга карабай эс-учун жоготуп, каза болуп калган. Ошол эле күнү, 11-октябрда соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралмакчы. Иликтөө иштеринин алкагында табып акыркы 15 жылдан бери балдарды дарылоо менен алектенгени аныкталган. Ал эми көз жумган бала эгиздин түгөйү экени маалым болду", - деди Казабаев.

Маалымат үчүн: Псориаз - көп кездешүүчү тери ооруларынын бири. Организмдин иммундук системи бузулганда, психо-эмоционалдык факторлор жабыркаганда, эндокринологиялык ооруларга чалдыкканда же бөйрөк, боор ооруганда псориаз калыптанышы мүмкүн. Ал көбүнчө чыканакта, тизеде, баштын чач өскөн жерлерине кызыл так болуп чыгат да, ушаланып, түлөп, карт сыяктуу болуп турат. Псориаз болгондо териден сырткары сөөктөр жана муундар дагы жабыркайт. Маалыматтарга караганда, оору тукум кууйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
14.10.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Табып Козу ачык дегендерге такыр барбаш керек ойунан чыгарып эле даарылашат врачка гана корунсонор озунорго жакшы.Акчасын алса болду.
14.10.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Олум айтпай келет балким ал баланын тагдырыга ошентип жазылгандыр(( Эми 80ге кирген табыпка не болот экен? Каарыганда(
14.10.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кок таш менен да баланы дарыламак беле,анда уулуу заттар коп болсо керек
14.10.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таштан инфнкция да кириши мумкун ким билет, жайы жанаттан болсун!
14.10.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
80 ге чыканда даарылабай эле жон журо бербейби
14.10.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
балан ооруса нелерге гана барбайсын байкуш чал себепчи болуптурда
14.10.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жардам бергиси бергендир,каза болушун кайдан билсин
15.10.2016. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чал мага алып келгиле деген эмес го, өздөрү алып барган баарына макул болуп... . Отургандарга эле кыйын эмчи табыптан коркосун ишенбей а докторлордон эки уч эсе коркосун оозуна канча батат экен деп мынанча кел анан карайм десе таап келгенче күтүшөт эмне болсоң ошол бол деп. Баардык жерде акча сүйлөп калган
muhsina түзөттү 2016-10-15 00:46:19
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: