super.kg logo

Малды паспорттоштуруу иши качан башталары бүдөмүк

 

Кыргыз жеринде малды идентификациялоо иши качан башталары дагы эле бүдөмүк. Бүгүн, 13-октябрда "Парламент" радиосунда түз эфирде депутат Абылкайыр Узакбаев малды паспорттоштурууда Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдөн артта калганын, Казакстанда бул иш жолго коюлуп калганын айтты. “Биздеги идентификация процессинин жанданбай жатышына Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын Айыл чарба министрлигинин эмес, өкмөттүн алдында турушу себеп болуп жаткансыйт”, - дейт депутат.

Маалыматка таянсак, өкмөттөн малдын кулагына тагылчу биркаларды даярдоого 40 миллион сом берилген. Ушунча каражатка бирка сатып албай эле, бирка чыгаруучу завод курууну сунуштады. Ал эми депутат Рада Туманбаева малга биркаларды кантип тагуу керектигин түшүндүрүү үчүн адистер жетишсиз болуп жатканын айтат.

Кыскасы, 2 жыл мурун баштала турган иш дагы эле ордунан жыла элек. Сунушталган мыйзамга ылайык, бодо малга 2014-жылдын 1-октябрынан, жылкыларга 2015-жылдын 1-октябрынан, майда мал жандыктарына 2016-жылдын 1-октябрынан, канаттуулар менен аарычылыкка 2017-жылдын 1-октябрынан тарта идентификация жүргүзүү жагы каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.10.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
рада эжекеси озунузду ото эле акылдуу сезип алгансызго башка элдерди манкур элестетип бирка тагууга адистер жетишпей атат деп ошол бирканарды элдерге бирсенер эч кандай адис падистин кереги жок эле оздору тагып алышат
13.10.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башталгвнда иштуу болуп калмакмын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: