super.kg logo

Москва шаарында “дүкөндөн чыгып келе жаткан сатып алуучуну сабаган” деген шек менен Кыргыз өлкөсүнүн жараны кармалды

 

Орусиянын Москва шаарында “дүкөндөн чыгып келе жаткан сатып алуучуну сабаган” деген шек менен Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда орусиялык маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 10-октябрь күнү кечинде болгон. Жабырлануучунун айтымында, ал дүкөндөн эч нерсе сатып албай, сыртка чыкканда эки чоочун адам анын жанына келип, баштыгында эмне бар экенин текшеребиз дешкен. Ал дүкөндөн соода кылбагандыгын айтып, баштыгын текшерүүгө макул болбогон соң эки адам ага басынтуучу сөздөрдү айтып, ур-токмокко алышкан.

"Көп өтпөй аталган кылмышка шектелгендердин бири, 24 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны кармалган. Кылмышка шектүү Москвадагы супермаркеттердин биринде кароолчу болуп иштеген. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, экинчи шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.10.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ал кыргыз жаран охранник болуп иштесе керек да анан бир нерсе уурдаганын коруп калып пакетин текшерели десе оскорблять этсе жандырса жандыргандыр да мен да контролор кассир болуп канчасын кармагам уурдаганын коруп туруп пакетини ач корсот десен эле законду билген Адам болуп чыга келишет кобунчо эле орустар наркоман алкаш болгондуктан уурдашат ал Эми кавказдар Дагестан кабардинстер чечендер оптомщик уурулар тобуна кирет
13.10.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оздору Адамча сумканы корсот деп сурасан приехали наехали деп чыгат да анан болгон орусчамды тогуп согом да кээде согуп да жиберем алым жетишин билсем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: