super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-ОКТЯБРЬ: 92 жылы мурун РСФСРдин курамында Кара кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн

 
1924-жылы 14-октябрда Бүткүл союздук Борбордук аткаруу комитети Кара кыргыз автономиялык облусунун уюштурулушу туурасында токтом кабыл алган.
Автономиялык облустун Орусия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (ОСФСР) курамында чектелген административдик бийлик менен уюштурулганына карабастан, кыргыз калкы биринчи жолу мамлекет түптөөгө жолдомо алган. Кыргыз автономиялык облусунун өзүнө таандык аймагы белгиленип, түпкүлүктүү калк жашаган аймакта саясий жана маданий өнүгүүгө шарт түзүлгөн.
Кыргыз калкы үчүн автономиялык биримдиктин уюшулушунун мааниси зор болгон. Автономиялык облус алкагында кыргыз калкы укуктук жана саясий жактан өз алдынча мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Өз маалында Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу саясатчылардын 1924-жылкы жасаган аракетинин акыбети 1991-жылы кайтып, кыргыз калкы өз алдынча эгемен Кыргыз Республикасын негиздеген.
14-октябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.10.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1924-жылга чейин каалаган жактарга кочуп журуп жашашканбы мекенибиз жок болгонбу ( тамашасы жок эле суроо) интернеттен дагы издеп таппай журом ушул суроого кантип жооп тапса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: