Бишкекте улгайган табып жаш баланы көк таш менен дарылайм деп өлтүрүп алды
Интернеттен алынган


Интернеттен алынган

Интернеттен алынган

Интернеттен алынган

Интернеттен алынган
Бишкекте улгайган табып жаш баланы көк таш менен дарылайм деп өлтүрүп алды. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, псориаз (тери оорусу) менен ооруган баланын ата-энеси аны ооруканада дарылатуу натыйжасыз болгондуктан, 80 жаштагы табып аялга алып барышкан. Табып баланын терисин көк таш менен дарылоого аракет жасаганда, бала өзүн жаман сезе баштаган. Ата-энеси аны №3-Балдар ооруканасына жеткиришкенде, ал ошол жерден каза тапкан. Бул факт боюнча учурда соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында табыптын жасаган аракетине юридикалык баа берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
1

Ооруканага келип так аныктап алып дарылаган натыйжалуу болот.